Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Кулжа филиалы, Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис -1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт..
Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 1 (бир) бирдик.
Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Жер кадастры жана топографиялык изилдөө бөлүмүнун адиси – жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;
“Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Компьютерде иштей билүү:
– MS / Office;
– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;
– СЭД жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х4 см;
- резюме;
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- автобиографию (кол менен);
- паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); аскердик билеттин көчүрмөсү.
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Папкага салынган документтер 2024-жылдын 11-ноябрь саат 17:30га чейин А.Максутов көч., 57 дарегиндеги Кара-Кулжа филиалына Иш кагаздарын жүргүзүүчү А.Абдыкадыровага беришсин, байланыш номери 0771 122856.
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.