2024-жылдын 17-декабрында Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын кызматкерлери, ошондой эле Жер агенттигинин филиалдарынын кызматкерлери үчүн административдик-аймактык реформанын алкагында шаарлардын карамагына өткөн айыл чарба жерлерин башка категорияларга которуу боюнча окутуу семинары өткөрүлдү.
Семинарда жерлерди которуунун жол-жоболору жана жерге жайгаштыруу долбоорун түзүүнүн тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди.