Квалификациялык талаптар:
- Билими – жогорку жана атайын орто: жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
- Иш тажрыйбасы – талап кылынбайт.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
- Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.
Кызматтык милдеттери:
• Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону ишке ашыруу үчүн берилген документтерди белгиленген тартипте кабыл алат;
• каттоо иш-аракеттерин каттоо, токтоттуруу же аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
• кыймылсыз мүлккө укуктардын келип чыгышын, өтүшүн, токтотулушун, чектөөлөрдүн (оорчулуктардын) мамлекеттик каттоону жүргүзөт;
• кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн болушун, жоктугун текшерет;
• ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коюлган чектөөлөрдүн (санкциялык тизмелер, алдын алуучу чаралар, камакка алуу, каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга тыюу салуу ж.б.) жоктугуна карата укуктук каттоого арыз берген адамдын жеке маалыматтарын текшерет;
• кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо карточкасына жана башка документтерине кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушу, өтүшү, токтотулушу жөнүндө жазууларды киргизет;
• каттоо делолоруна, анын ичинде электрондук архивге документтерди киргизет, каттоо делосунда камтылган документтердин тизмесине жазууларды киргизет;
• кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте берет;
• кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо кетирилген каталарды мыйзамдарда белгиленген тартипте оңдойт;
• каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте талап кылат;
• мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте кыймылсыз мүлктүн мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтердин аныктыгын экспертизалоону жана кыймылсыз мүлктү техникалык текшерүүнү дайындайт;
• кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтерди текшерет жана күбөлөндүрөт;
• кыймылсыз мүлккө укуктарды, чектөөлөрдү (оорчулуктарды) мамлекеттик каттоону күбөлөндүрөт;
• каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берет;
• ай сайын укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү каттоонун көлөмү жөнүндө отчетторду жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө берилген маалыматтарды иштеп чыгат;
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
• Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарын так жана кыйшаюусуз аткаруу;
• Агенттик филиалынын ишине тиешелүү талаш-тартыштарды кароодо соттук жана башка инстанцияларда Агенттик филиалынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте көрсөтөт жана коргойт;
• Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларында аныкталган тартипте өзү даярдаган жана бөлүмдүн башчысы жана Агенттиктин филиалынын жетекчилиги менен макулдашылган доо арыздарды, дооматтарды, доолорго каршы пикирлерди, сот актыларына даттанууларды сот органдарына берет;
• филиалдын директоруна кол коюуга берилген буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет. Ылайык келбегендиги аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу чечүү боюнча сунуш киргизет;
• кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактайт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
• өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см сүрөт;
• жыйынтык (резюме);
• билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
• өмүр баян (кол менен);
• паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
• аскердик билеттин көчүрмөсү;
• окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2026-жылдын 21-августу, саат 17:30га чейин Манас-Ата көчөсү, 2 дарегиндеги Сүлүктү-Лейлек филиалынын кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.
Тел.: 03656 5 00 75, 5 09 05; +996 708 010 185.
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.