Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жерресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна – 3 бирдик,

Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн кадастрдык картография боюнча адиси кызмат ордуна – 1 бирдик,

Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адис2 бирдик;

Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адисине1 бирдик.

Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адисине коюлуучу талаптар

Квалификациялык талаптар:

— жерге жайгаштыруу жана кадастр боюнча жогорку билим; мүлктү башкаруу; архитектура жана курулуш, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация;

— кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр системасында 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

— мамлекеттик жана расмий тилди билүү;

— компьютердик иш ишмердүүлүгү (Word, Excel, СЭД ж.б.) ээ болуу;

— мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»; «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;

— «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси».

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— Агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын, Агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

— филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзамдарга шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

— жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

— жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;

— филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см фотосүрөт;

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;

— психологиялык;

— медициналык справка — форма 86-у;

— автобиография (өз колу менен);

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— жыйынтык;

— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Документтерди 2026-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 14-июлуна чейин, саат 8:30дан 17:30га чейин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аламүдүн филиалына (Лебединовка айылы, Зеленная көчөсү, 1а) кабыл алышат.

Байланыш телефону: (0312) 333-347.