Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жайыл филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

• Жазуу жарыяланды: 18.06.2026
• Жазуу бөлүмү: Бош орундар

Жер кадастры жана техникалык изилдөө бөлүмүнүн адиси, 3 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл.
  3. Компьютерде MS Office, электрондук почтаны колдонуу, ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, GeoServer ж.б.).
  4. GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы.
  5. Геодезиялык координаттар системасын билүүсү.
  6. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамын билүүсү зарыл.

Кызматтык милдеттери:

— жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жылдык отчетторду түзүү;

— кадастрдык жер маалыматтарынын алгачкы маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү;

— Бишкек шаарынын чек араларын аныктоо, административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча иштерге катышуу;

— жер ээлеринин кадастрдык жана башка маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу;

— жер мамилелери маселелери боюнча жарандардын көрсөтмөлөрүн жана даттанууларын кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү;

— пландаштырылган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

— иш жүргүзүү мезгилинде архивдик документтердин сакталышын контролдоо;

— чек аралар жөнүндө керектүү маалыматтарды тандоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— жеке арыз;

— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

— 3х4 см сүрөт;

— жыйынтык;

— билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

— автобиография (кол менен жазылган);

— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

— аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;

— медициналык справка — форма 086-у.

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 6-апрелинен баштап 17-апрелин кошо алганда кабыл алынат.

Дарек: Жайыл району, Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү №1 дареги боюнча тапшыруу керек.