КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтарды жеңилдетүү максатында жаңы төлөм жабдууларын ишке киргизди.
Учурда аталган жабдуулар Жер агенттигинин Бишкек шаарындагы филиалында пилоттук режимде орнотулуп, мамлекеттик алымдарды жана айып пулдарды (пеня) QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Буга чейин жарандар мамлекеттик төлөмдөрдү жана айып пулдарды негизинен «Айыл Банк» аркылуу накталай түрдө жүргүзүп келишкен. Бирок акыркы учурда көпчүлүк жарандар накталай акча алып жүрбөгөндүктөн, кагаз акча табуу жана банкка барып кезек күтүп убакыт коротуу ыңгайсыздык жаратып келген.
Жаңы жабдуулардын жардамы менен эми жарандар кызмат алып жаткан жерде эле, кошумча убакыт коротпостон, төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу жүргүзө алышат.
_____________________________
Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики в целях упрощения условий для граждан внедрило новое платежное оборудование.
В настоящее время в Бишкекском филиале Земельного агентства в пилотном режиме установлены новые устройства для оплаты государственных пошлин и пени с использованием QR-кода.
Ранее государственные платежи и штрафы граждане оплачивали преимущественно наличными денежными средствами через ОАО «Айыл Банк». Однако в условиях, когда большинство граждан не используют наличные деньги, возникали сложности с их получением, а также необходимость тратить дополнительное время на ожидание в очередях в банке.
Теперь каждый гражданин может произвести оплату непосредственно на месте получения услуги, быстро и удобно, без посещения банковских учреждений.




