Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин  Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысы бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

 

   

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин  Аламүдүн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысы бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү кызматтык талаптар коюлат:
Кесиптик билим деңгээли:
— багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастр,  геодезия жана картография, архитектура жана курулуш, юриспруденция же башка багыттагы билими менен жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес иштесе.
Иш тажрыйбасы жана стажы:
— жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билими:

Төмөнкү ченемдик укуктук актылар менен иштей билүүсү зарыл:

—      Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

—      Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—      “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

—      Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекси;

—      Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамы (02.06.1999-ж. №46);

—      Кыргыз Республикасынын Токой жана Суу кодекси;

—      Кыргыз Республикасынын Президентинин Жер-укутук мамилелери боюнча Жарлыктары;

—       Жер участокторуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү                 тартиби тууралуу жобо (КРӨнүн 08.12.2010-ж. Токтому №311);

—       Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобо (КРӨнүн 17.03.2014- ж. № 137 токтому);

—       Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга  чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери (КРӨнүн 15.02.2011-ж. № 49 токтому);

—       Кыргыз Республикасынын Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамы (22.12.1998-ж. № 153);

—       Кыргыз Республикасынын Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамы (31.07.2015-ж. №210);

—       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

—       Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамы (04.05.2007-ж. № 67);

— Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамы (15.07.2013-ж. №145);

— Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамы (31.07.2009-ж. №257);

— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамы (20.07.2009-ж. №241);

— Кыргыз Республикасынын Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө мыйзамы (01.04.2022-ж. №21);

— Кыргыз Республикасынын Токой жерлеринин, Суу жерлеринин, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, Жер казынасын пайдалануу боюнча, Архитектура жана шаар куруу боюнча, Жайыттар жөнүндө, Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн, Запастагы жерлерди берүүнүн, Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн, Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктөрдү берүүнүн тартиптери;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” токтому;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-

октябрындагы № 571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөө Регламенти;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” жобо;

— Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктар жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо ишмердигин жөнгө салган мыйзам актыларын;

— Жарандык, эмгек, каржы мыйзамдарын, салык мыйзамдарын;

— ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедураларын;

— эмгек, өндүрүш жана башкарууну уюштуруу негиздерин;

— эсептеп чыгуу, коммуникация жана байланыш каражаттарын;

— эмгек коргоо эрежелери менен ченемдерин.

Чеберчилиги:

— жетекчинин шыктарына, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;

— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерлик;

— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында  аныктоо жана чечүү;

— кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүндүктөрүн табуу.

Жөндөмдөрү:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— картографиянын негиздерин билүү;

— топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу;

— административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

— маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү;

— конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

— маалымат базалары менен иштөө;

— презентацияларды даярдоо;

— кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

— MS/Office;

— электрондук почтаны колдонуу;

— маалымат базалары менен иштөө шыктары.

— АМТ Infodocs (ЭИЖ)

Жеке сапаттары:

— чынчылдык;

— калыстык;

— жоопкерчиликтүүлүк;

— тартиптүүлүк;

— аткаруучулук;

— тырышчаактык;

— демилгелүүлүк;

— натыйжалуулук;

— жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм –турум компетенциялары
— инновацияга басым жасоо;

— командалык иш;

— натыйжага багыт алуу;

— аналитикалык ой жүгүртүү;

— стратегиялык иштер;

— кесипкөй өнүгүү;

— ийкемдүүлүк;

— лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

— маданияттар аралык компетенция.

 Жоюлган жана/же жоюлбаган соттулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар филиалдын бөлүм башчы кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

—  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); аскердик билет,  справка МВД, мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;

— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

—  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 2-февралынан баштап  2026-жылдын  13-февралын кошо алганда Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө    саат  18: 00 гө чейин, тапшырылышы керек.