Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын кадастрдык баалоо секторунун адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт
| Секторунун адиси кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: |
| Кесиптик билимдин деңгээли: |
| — багыттары боюнча жогорку билими: курулуш, экономика, юриспруденция, мүлктү баалоо, мүлктү башкаруу, жерге жайгаштыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент |
| Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: |
| — талап кылынбайт |
| Кесиптик компететтүүлүк: |
| Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди; — Кыргыз Республикасынын Конституциясы; — “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси; — Кыргыз Республикасынын Этика кодекси; — Кыргыз Республикасынын Салык кодексин (мүлккө салык чөйрөсүндө); — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”; — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо. — “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө”, “Баалоо иши жөнүндө”, Коррупцияга каршы күрөшү жөнундө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары; — Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субьекилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнундө” токтому менен бекитилген стандарттарды. |
| Чеберчилиги: |
| — иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг; — ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик; — кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; — кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу; — өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу. |
| Жөндөмдүүлүк: |
| — иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;
— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик; — маалыматтык базаларды жана сервистик. Программалык кызматтарды колдоно билүү; — мүлктү баалоо боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу жана кадастрдык баалоо чөйрөсүндөгү укуктук тобокелдиктерди адекваттуу баалай билүү; — келишимдердин шарттарын, жоболорду, сунуштарды берүү эрежелерин билүү; — баалоо методдорунун өзгөчөлүктөрүн жана принциптерин тушүнүү; — кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; — талаштарды компетентүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу; — өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу; — техникалык, методикалык документтерди иштеп чыгуу; — маалыматты анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, презентацияларды даярдоо Тилдерди билүүсү: — Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү. Компьютерде иштей билүүсү: — MS/Office; — электрондук почтаны колдонуу; — маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү; — АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ). Жеке сапаттары: — чынчылдык; — калыстык; — жоопкерчилик; — тартип; — аткаруучулук; — тырышчаактык; — демилге; — натыйжалуулук; — кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу; — коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу. |
| Негизги жүрүм-турум компетенциялары: |
| — инновацияга басым жасоо;
— командалык иш; — натыйжага багыт алуу; — аналитикалык ой-жүгүртүү; — стратегиялык иштер; — профессионалдык өнүгүү; — ийкемдүүлүк; — лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү; — маданият аралык компетенция. |
| Жоюлган жана/же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар Санариптик трансформация башкармалыгынын кадастрдык баалоо секторунун адиси кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес. |
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
— жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); аскердик билет, справка МВД, мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;
— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
— кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 15-январынан баштап 2026-жылдын 28-январын кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат 18: 00 го чейин, тапшырылышы керек.