Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалы картограф бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалы картограф бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Кызматтык милдеттери:

 

2. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
        Кадастрдык картография боюнча башкы адиси кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар  коюлат:

                                                        Кесиптик билим деңгээли:

Багыттары боюнча жогорку жана атайын орто билими:  жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация

                                                              Иш тажрыйбасы жана стажы:
      Талап кылынбайт
                                                           Кесиптик компетенттүүлүк:

— ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, Geoserver ж.б.)

—  GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;

— геодезиялык координаттар системасын билүүсү;

— кыймылсыз мүлккө дарек жана идентифкациялык код ыйгаруу принциптерин билүүсү;

индекстелген каттоо карталарын жүргүзүү принциптерин билүүсү;

 — картографиялык материалдарды, ортофотопландарды колдонуу жана географиялык координаттарга байлоо жана  санариптештирүү иштерин жүргүзүү тажрыйбасы

      Билүүсү зарыл:

—        Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

—        Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

—        “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

—    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамы;

—     Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

—   Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодексин,

—   Кыргыз республикасынын Жер кодексин;

Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,  “Улуттук архив фонду жөнүндө”,  “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Геодезия жана картография жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

—         Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

—                  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону;

—            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                         12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

—        Филиал жөнүндө жобону

 

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректи ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №311 токтому менен бекитилген  “Жер  участогуна укутарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы  №301 токтому менен бекитилген “  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  мамлекеттик каттоо  кызматынын  алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан  кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону;

—         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы

                                                                         Чеберчилиги

 

—        иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

—        анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

—        ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

—        кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

—        кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

—        өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу

                                                    Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:

— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;

— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

— маалыматтык базаларды жана сервистик, программалык кызматтарды колдоно билүү;

— геодезия, картография багыты боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу;

ГИС продуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;

— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

— талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

— тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;

— чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.

 

                                                                  Жеке сапаттары

— чынчылдык;

— калыстык;

— жоопкерчилик;

— тартип;

— пунктуалдуулук;

— демилгелүүлүк;

— натыйжалуулук;

— коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;

— кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

Тилдерди билүүсү:

—        Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү

                                             Негизги жүрүм-турум компетенциялары
инновацияга басым жасоо; командалык иш; натыйжага багыт алуу; аналитикалык ой-жүгүртүү; стратегиялык иштер; профессионалдык өнүгүү; ийкемдүүлүк; лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
 Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар Филиалдын кадастрдык картография боюнча башкы   адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес
3. Кызматтык милдеттери
— Филиалдын картографиялык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;

— индекстелген каттоо карталарын белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүшүн, сакталышын аларга кыймылсыз мүк бирдиктеринин чек араларынын так киргизилишин камсыздоо;

— кыймылсыз мүлк бирдиктерине идентификациялык код ыйгарат;

— кыймылсыз мүлк бирдиктерине дарек ыйгарат;

— кыймылсыз мүлк бирдиктерин кадастрдык сүрөткө тартуу, ченөө иштерин жүргүзөт;

— кыймылсыз мүлктүн идентификациялык, даректик, картографиялык маалыматтарынын тийиштүү маалыматтык системаларга толук жана так киргизилишин камсыздайт.

— спутниктик, аэрофото сүрөттөрдөн, топографиялык карта жана башка булактардан            алынган маалыматтар менен иш алып барат;

— картография жана топография жаатында филиалдын компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат;

— өз ыйгарым  укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берет;

-кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактайт;

-жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкулдөрун кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсотмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткарат;

-картографиялык жана башка архивдик материалдардын негизинде жердин категориясын аныктайт.

4. Укуктары
                                                         Төмөнкүлөргө укугу бар:

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык шарттарды камсыз кылууну талап кылууга;

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга барууга;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрдөн, филиалдардан зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды алууга ошондой эле ишмердүүлүк багыттары боюнча отчетторду талап кылууга;

— өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышууга, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргиздирүүгө;

— жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылууга.  Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоону суранууга;

— семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга, ошондой эле чет өлкөлүк иш сапарларга барууга.

5. Жоопкерчилик
Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат:

— ушул кызматтык нускамага жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;

—  Агенттиктин регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабоо үчүн;

— мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн;

— жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;

— мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

— кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо үчүн;

— келтирилген материалдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат;

— эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

—   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;

— Борбордук аппарат, министрликтер, ведомстволор жана башка аткаруу бийликтери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана ɵз алдынча башкаруу органдары,

 

 Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 10-декабрь  2025-ж. саат 17:30 чейин Ленин көч., 15 –кара-Көл филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03746 5-10-53

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.