Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Москва филиалы, жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 2 (эки) бирдик  бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Москва филиалы, жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 2 (эки) бирдик  бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

 

Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис –  2 (эки) бирдик.

Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча  жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр,  архитектура жана шаар куруу, юриспруденция,  агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча иш тажрыйбасы талап кылынбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

–  Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–   Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

“Жер  кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”,   “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик  жол-жоболор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

–   Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай  кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын  12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Компьютерде иштей билүү:

– MS / Office;

– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;

– СЭД  жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х4 см;
  • резюме;
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • автобиографию (кол менен);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); аскердик билеттин көчүрмөсү.
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

Папкага салынган документтер 2025-жылдын 04-ноябрынан баштап 2025-жылдын 04-декабрына  чейин  саат 17:30га чейин Москва району Беловодск айылы Победа көчөсү дарегине тапшырылат. Тел. 03131 5-27-92, 05558129349

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.