Бүгүн, 28-октябрда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигин директору Эрнисбек Зарнаев жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте Бишкек жана Аламүдүн филиалдарынын кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргузүлдү. Анда адистерге мыйзамды бузбоого, жарандардан акча талап кылбоого чакырылды.
Өз кезегинде УКМК кызматкерери коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын, анын жазасы катуу болорун эскертти.
Ал эми Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев коррупциянын алдын алуу үчүн кызматкерлердин айлык маянасы жогорулаганын айтты. Ошондой эле калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи.








