Жер агенттиги “Түндүк” тиркемеси аркылуу көрсөтүүчү онлайн кызматтарын жана жаңы кошулган сервисти тааныштырды.

Бүгүн, 26-сентябрда, Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “КЫЗМАТ” мамлекеттик мекемеси КР Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн иштелип чыккан жаңы санариптик чечимдердин презентациясын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков өзү катышып, турак-жайды онлайн камсыздандыруу эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу бир мүнөткө жетпей жүргүзүлө турганын, жеке келип кезек күтүүнүн кереги жок экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чарага төмөндөгүлөр катышты:

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов,

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги

“КЫЗМАТ” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги,

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчилиги.

Тааныштырылган санариптик чечимдер мамлекеттик кызматтарды ачык-айкын жана жарандарга максималдуу ыңгайлуу кылууга, убактысын үнөмдөөгө багытталган.