Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Балыкчы филиалы Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Балыкчы филиалы Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

 

  1. Билими – жогорку, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Иш тажрыйбасы — бир жылдан кем эмес;
  3. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.

 

 Билүүсү зарыл: 

 

Мамлекеттик жана расмий тилдерди:

КР нын Конституциясын:

КР нын Министрлер кабинети жөнүндө “ КР нын конституциялык мыйзамын”:

КР нын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык мыйзамын:

КР нын Граждандык кодексин:

КР нын Жер кодексин:

КР нын Этика кодексин:

“Корупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “ Административдик иштин негиздери жана административдик жол жоболор жөнүндө”, “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укутарды жана укутардын чектөөлөрдүн жана аны менген болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлерди башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “КР нын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндө”, “КР нын мыйзамдарын”

КР нын мыйзамдары, КР 2017-жылдын 21-ноябрындагы №760 “жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому

КР МК 2021-жылдын 28-октябрында №233 токтому менен бекитилген КР Министирлер Кабинетиниг регламентин;

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;

КР Өкмөтүнүн 2023-жылдын 7-майындагы № 255 токтому бекитилген “кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө “ жобону;

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобону;

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

КР Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө,  Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө тартиптерин;

Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедуралары;

Эмгек, өндүрүш жана башкарууну уюштуруу негиздерин;

Эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин;

Филиал жөнүндө жобону ж.б.

 

Кызматтык милдеттери:

 

— КР мыйзамдарын сактоо;

— Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө тиешелүү келишимдер боюнча укуктарды мамлекеттик каттоосун сапаттык камсыз кылуу:

— Кыймылсыз мүлккө катталган укук белгилөөчү жана укук такстыкчоочу документтердин өз убагында берилишине көзөмөлдү камсыздоо:

— Өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү:

— Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо:

— Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерини кызматтык нускамаларды расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракетенүүнүн тартибин сактоо:

— Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо:

— Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына укуктардын өтүшү туураалуу маалыматты толук киргизилишин камсыздоо:

— Жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укутарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткарылат:

— КР мыйзардарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыйуу салууларды сактоо:

— Зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу:

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

 

* өздүк арыз, кадрларды эсепкеалуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Документтер  2025-жылдын 24-сентябрынан баштап, 7-октябрь күнүнө чейин  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Балыкчы  филиалында кабыл алынат. Дареги:  Ысык-Көл обл. Балыкчы ш. Аманбаев көчөсү  №153.

 

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.