Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин деректору Эрнисбек Зарнаев Жалал-Абадга иш сапар менен барды. Анда мекеме жетекчиси агенттигинин аймактагы филиалдарын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Эрнисбек Зарнаев акймактагы филиалдардын ишин жакшыртуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жер агенттиги калкка көрсөткөн айрым кызматтары санариптештирилип, онлайн форматка өткөн. Бул багыттагы иштер аймактарда кандай жүрүп жатканы менен директор таанышып, кызматкерлерге жергиликтүү тургундарга жеңилдик менен кызмат көрсөтүүнү тапшырды.
Эске салсак, мекеме жетекчиси Аксы, Кара-Көл, Ала-Бука жана башка райондордогу филиалдарга барды.