Бүгүн, 29-майда борбор калаада КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жана LX Корей кадастрдык корпорациясы менен биргелешкен “Жер пайдалануунун санарип картасын түзүү” долбоорунун алкагында семинар болуп өттү. Анда эки жыл аралыгында биргелешкен иштер талкууланды.
Долбоордун максаты
- Улуттук аймакты башкарууну модернизациялоо аркылуу мейкиндиктик маалыматтарын санарип инфраструктурасын түзүүнү ишке ашыруу
- Улуттук аймакты рационалдуу пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн жогорку эффективдүү базалык маалыматтарды түзүү
- Туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн мейкиндиктик маалыматтарды пайдалануу системасын түзүү