Бүгүн, 22-майда КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы кеңсесинде Россия Федерациясынын Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Анда “Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү боюнча акысыз техникалык жардам көрсөтүүсү жөнүндө” макулдашуунун алкагында талкуу болду.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, алдыга коюлган пландар боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.
Эске салсак, 2024-жылдын 10-июлунда Красноярск шаарында агенттик менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография федералдык кызматынын (Росреестр) ортосунда “Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү боюнча акысыз техникалык жардам көрсөтүүсү жөнүндө” макулдашууга кол коюлган.