Бүгүн, 21-майда ЖМК өкүлдөрүнө “Батир боюнча келишим — эми Tunduk аркылуу онлайн!” аталышындагы пресс-тур уюштурулду.
Пресс-тур КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекттик агенттиктин Бишкек филиалында өттү. Анда журналисттердин кызыккан суроолоруна мекеменин директору Эрнисбек Зарнаев жооп берди. Ошондой эле жолугушууга КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин, “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Жаңы кызмат Кыргызстандын жарандары батирди сатып алуу-сатуу келишимин толугу менен онлайн форматта тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал жаңыртылган Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу жүргүзүлөт.
Эми эч кандай кезек күтүүсүз, кагаз документтерсиз жана мамлекеттик органдарга барбастан — баары тез, ыңгайлуу жана коопсуз кызмат алсаңыз болот.