Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.
Квалификациялык талаптар:
1.Багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастр, мүлктү баалоо жана башкаруу жана юриспруденция.
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес иш стажы.
- Мамлекеттикжана расмийтилдердибилүү.
- Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.
Кызматтык милдеттери:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
– милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө тиешелүү келишимдер боюнча укуктардын мамлекеттик каттоосун сапаттуу камсыз кылуу;
– кыймылсыз мүлккө катталган укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтердин өз убагында берилишине көзөмөлдү камсыздоо;
– өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
– кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
– Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо,
– кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
– кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына укуктардын өтүшү тууралуу маалыматты толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
– жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
– зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;
* жыйынтык (резюме);
* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
* өмүр баян (кол менен);
* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.
* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Скоросшивателге көктөлгөн документтер 27–май 2025-ж. саат 17:30 чейин Ленин көч., 25 -Таш-Көмүр филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.
Тел. 03745 5-03-38
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.