Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынгандыгына байланыштуу, жер участокторун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюунун ачык-айкын, ырааттуу жана адилеттүү тартибин белгилөө максатында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Ош шаарында атайын тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустанырын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар “Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участокторун алып коюу тартиби жөнүндө” жобонун долбоору менен таанышып, өз сунуштарын жана сын-пикирлерин билдиришти.
Бул иш-чаранын негизги максаты – мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун пикирлерин эске алуу жана сунушталып жаткан жобонун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.