КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен борбор калаадагы курулуш компаниясынын өкүлдөрү жолугушту. Анда Бишкек филиалында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, ишти оптималдаштыруу жана юридикалык жак менен жеке жакты тейлөөнүн ыкмаларын талкуулашты.
Бишкек филиалынын директору Нуржан Талантбек уулу курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө кайрылып, кызмат көрсөтүүнүн талабын бузбоого чакырды. Себеби курулуш компаниялары өзүнүн кардарларына батирди өткөрүп берүү үчүн Жер агенттигинин филиалга күнүгө 10дон ашык жаранды алып келишет. Мындан улам тыгын жаралышы мүмкүн. Ошол себептен филиал директору курулуш компанияларынын өкүлдөрүн ишемби жана жекшемби күндөрү көбүрөөк жаран алып келүүсүн суранды.
Ошол эле учурда курулуш компанияларынын өкүлдөрү өздөрүнө кызыктырган суроолорун берип, тийиштүү жоопторду алышты.
Эске салсак, Жер агенттигинин Бишкек филиалы өз иштөө убактысын өзгөрткөн. Тактап айтканда, ар күнү саат 07:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү болсо саат 10:00дөн 16:00гө чейин жарандарды тейлөө жүргүзүлөт. Мындай чечим кезектин көптүгүн жана күтүү убактысынын узактыгын азайтуу максатында жүргүзүлгөн.
______________________________________________________________________________________________
В БИШКЕКСКОМ ФИЛИАЛЕ СОКРАТЯТСЯ ОЧЕРЕДИ. ПРОШЛА ВСТРЕЧА ПРЕДСТАВИТЕЛЕЙ ЗЕМЕЛЬНОГО АГЕНТСТВА И СТРОИТЕЛЬНЫХ КОМПАНИЙ
Представители Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров КР встретились с представителями строительных компаний. На встрече обсуждались вопросы улучшения качества предоставляемых услуг в Бишкекском филиале, оптимизации работы и методов обслуживания юридических и физических лиц.
Директор Бишкекского филиала Нуржан Талантбек уулу обратился к представителям строительных компаний с просьбой неукоснительно соблюдать установленный порядок предоставления услуг. По его словам, зачастую каждая строительная компания ежедневно для заключения сделок со своими клиентами приглашает в филиал по более 10 человек, из-за чего может образовываться скопление людей. В связи с этим директор филиала попросил представителей компаний по возможности обращаться за услугами филиала по субботам и воскресеньям.
В то же время представители строительных компаний задали интересующие их вопросы, на которые получили соответствующие разъяснения.
Напомним, Бишкекский филиал Земельного агентства изменил режим своей работы. Теперь обслуживание граждан по оформлению сделок осуществляется ежедневно с 07:00 до 18:00, а в выходные дни – с 10:00 до 16:00. Такое решение принято с целью сокращения количества очередей и времени ожидания.