Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кемин филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн, жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна – 1 (бир) орун
Квалификациялык талаптар:
— жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
____Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
____Ишке тажрыйбасы жана эмгек стажы:
—Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципиалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
—мамлекеттик жана расмий тилди билүү.
— компьютердик ишишмердүүлугу (Word, Excel, СЭД ж.б.) ээ болуу.
— мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»; «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдикук уктук актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;
— «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы No43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
Кызматтык милдеттери:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
—Агенттиктин жана филиалды нишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
— филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин алардын келип түшүүсүнө жараша шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;
— кесиптик этиканын нормаларын сактоо;
Жер ресурстары , кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгектар тибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
— кызматтык милдеттерди аткаруүчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
— жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өзу убагында жана сапаттуу аткаруу.
— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;
— Филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фото сүрөт;
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;
— медициналык справка — форма 86-у;
— автобиография (өз колу менен);
—билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 18-июлунан баштап 1-августуна саат 17:30 чейин Кемин району, Кемин шаары Ленина көчөсү №103 дарекке тапшыруу керек.
Байланыш номери: 0(135)-51-203