- каттоо жана маалымат берүү бөлүмүнүн кыймылсыз мүлккү укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адиси – 1штаттык бирдик
Квалификациялык талаптар:
- Багыттары боюнча жогорку билими:жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу. Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
- Компьютерде MS/Office; электрондук почтаны колдонуу, маалымат базасы менен иштөө көндүмдөрү; АМТ «Infodocs» иштей билүүсү керек.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын; Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин; Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; Кыргыз Республикасынын Этика кодексин
Кызматтык милдеттери:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
-Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү катто органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;
-жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;
-жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;
-өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
-кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалыматбазасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
-кыймылсыз мүлккө катталган укук жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтын белгиленген мөөнөттө даярдалышы менен тартууланышын камсыздоо;
-укук жана чектөөнү каттоо, катталган укук жана чектөө жөнүндө маалымат даярдоо маселелеринде консультативдик жана методологиялык жардам көрсөтүү;
-укук, чектөө, маалымат берүү арыздарынын, бөлүмгө келип түшкөн даттануу, сот актыларды. Укук коргоо жана тергөө органдарынын токтомдорун, корресподенциянын адилеттүү кароосун камсыздоо;
-жарандар менен юридикалык жактардын кат, арыз жана даттанууларына жооптордун өз убагында жана сапаттуу даярдалышын белгиленген тартипте камсыздоо;
-кыймылсыз мүлк боюнча талаш чечүү комиссияларынын жумушуна белгиленген тартипке катышат, комиссиялар үчүн тиешелүү маалыматты даярдоо;
-Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды дайыма изилдейт жана каттоочулардын эске алуусу үчүн мыйзам базасынын өзгөртүү толуктоолору жөнүндө маалыматты жеткирүү;
-аткарылган каттоо жана маалымат берүү жумуштарынын көлөмүн ай сайын эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу;
-функциялык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылышына, ошондой эле эмгек жана өндуруш тартибинин сакталышын жүргүзүү;
-“Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
– жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;
– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 17-июлдан тартып 2025-жылдын 01-августка чейин Ош шаары, И.Раззаков кең көчөсү 15 А дарегине саат 17:00 гө чейин тапшырылышы керек. Тел: (03222) 8-38-01; +996 553 344 343