Жумгал филиалынын директору  бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин  Жумгал филиалынын директору  бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

 

1.     Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары:
Филиалдын директорунун кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастр,  геодезия жана картография, архитектура жана курулуш, юриспруденция, мүлктү башкаруу же башка багыттагы билими менен жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес иштесе.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
-жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кесиптик компететтүүлүк:
Билүүсү зарыл:

–        Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–        Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–        “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

–        Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

–        “Айыл чарба жерлерин башкаруу боюнча”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер

участокторун өткөрүп берүү”, “Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”;

–        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы

№ 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”;

–        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы

№ 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” Жобо;

–        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын  12-февралындагы № 53  токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” жобо.

Чеберчилиги:
–        иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–        анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

–        ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

–        кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–        кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–        өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
–        аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

–        маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо;

–        ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө

колдонуу;

–        картографиянын негиздерин билүү;

–        топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу;

–        административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

–        маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү;

–        конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

–        маалымат базалары менен иштөө;

–        презентацияларды даярдоо;

–        кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

–        Компьютердик жана жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

–        Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

–        MS/Office;

–        электрондук почтаны колдонуу;

–        маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

–        АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

–        чынчылдык;

–        калыстык;

–        жоопкерчилик;

–        тартип;

–        аткаруучулук;

–        тырышчаактык;

–        демилге;

–        натыйжалуулук;

–        кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

–        коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
–        инновацияга басым жасоо;

–        командалык иш;

–        натыйжага багыт алуу;

–        аналитикалык ой-жүгүртүү;

–        стратегиялык иштер;

–        профессионалдык өнүгүү;

–        ийкемдүүлүк;

–        лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

–        маданият аралык компетенция.

           Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар директордун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
2.     Кызматтык милдеттери:
–        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

– Филиалдын компетенциясына кирген маселелер боюнча, Агенттиктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү, жергиликтүү адиминистрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;

–         Агенттиктин жетекчилиги тарабынан коюлган көрсөтмөлөрдүн жана милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу;

–        Филиал жөнүндөгү Жободо каралган бөлүмдөрдүн милдеттеринин жана

функцияларынын аткарылышын камсыздоо;

–         Филиалдын кызматкерлеринин арасында аткаруу үчүн алынган милдеттерди жана документтерди бөлүштүрүү, алардын ишин туура уюштурууну жана кызматтык тартипти сактоону камсыз кылуу;

–        Филиалдын ишине тиешелүү жер кадастры жана каттоо маселелери боюнча

Кыргыз Республикасынын чечнемдик укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөлдү уюштуруу жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды берүү;

–         Филиалга келип түшкөн арыздарды, кайрылууларды кароо, алардын аткарылышын көзөмөлдөө;

–        Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону

жана коргоону камсыз кылуу;

–        Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

–        Филиалда белгиленген ички тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

–         Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин өстүрүү боюнча ар дайым аракет кылуу;

–        Өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын

кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

–     Агенттикке бериле турган маалыматтардын комплексин ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча отчетторду, жер кадастры боюнча отчетторду, маалыматтык-усулдук материалдарды түзүү жана у.с. кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды топтоо жана берүү;

–        Жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн

кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапатуу аткаруу;

–         Агенттиктин бөлүмдөрү тарабынан аткарылуучу жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана башка иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө алынуучу баалардын тарифтерине анализ жүргүзүү жана сунуштарды берүү;

–     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, Филиалдын кызматкерлерине тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

–        Кыймылсыз мүлктүн салык салынуучу базасынын реестерин түзүүнү

камсыз кылуу жана кыймылсыз мүлктү баалоо, камсыздандыруу, салык салуу маселелерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

–        Жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз

мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жургүзүү жаатында методикалык,  консультациялык, юридикалык колдоо көрсөтүү жана Филиалдын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

–     Филиалга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн иш сапарга баруу;

–        Жер кадастры системасын өнүктүрүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды

жана кыймылсыз мүлк рыногун, каттоонун эл аралык тажрыйбасын изилдөө жана аларды практикага киргизүү боюнча сунуштарды берүү;

–         Филиалга жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткаруу;

–     “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык, административдик арыздарды кароо, жана административдик арыздын чегинде административдик акт (чечим) кабыл алуу.

3.     Төмөнкүлөргө укугу бар:
–     Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук- техникалык шарттарды камсыз кылуу;

–        Белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин

түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга барууга;

–        Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жана мамлекеттик органдын ишин

жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн, зарыл болгон маалыматтарды жана материлдардарды белгиленген тартипте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;

–         Өзүнүн өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышуу, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргизүүгө;

–         Жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылуу. Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоону суранууга;

–         Филиалдын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо үчүн жерге жайгаштыруу

жайгаштыруу ишин уюштуруу, жер тилкелерине болгон сүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү, жер тилкелеринин чектерин тактоо иштеринин чегинде жерге жайгаштыруу иштерин токтотуу, жерге жайгаштыруу иштерин уюштуруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алуу жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;

–        Филиалдын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, кыймылсыз мүлккө

укуктардын бирдиктүү мамлекекттик реестрин жүргүзүүнүн, анын ичинде маалымат берүүнүн чегинде кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоодон баш тарттуу жана каттоого алуу тууралуу чечим кабыл алуу;

–        Филиалга тиешелүү маалыматты жана материалдарды, ошондой эле көзөмөлдөнгөн ишмердүүлүк багыттары боюнча отчетторду түзүүгө;

–     Берилген кызматтык милдеттерин аткаруу, семинарларга, конференцияларга,

көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга жана ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга барууга;

–         Филиалдын ишмердүүлүгүн жана жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматкерлердин кесипкөй кызматтык ишинин туруктуулугун камсыз кылуу жана жакшы кадрларды сактап калуу үчүн Агенттикке тиешелүү адистерди белгилүү бир кызматка дайындоо боюнча  сунуштарды берүүгө.

 

4.     Жоопкерчилик:
–        Ушул кызматтык инструкцияга жана башка Кыргыз Республикасынын

ченемдик-укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат;

–        Агенттиктин Регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыгы үчүн;

–        Мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен коргоолуучу сырды түзгөн

маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн;

–     Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттер же аракетсиздиги үчүн;

–        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо үчүн;

–     Мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибиндеги жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

–        Кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабагандыгы үчүн;

–        Филиалдын директору мыйзамдарга ылайык кызматтык иштин мүнөзүнө байланыштуу зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартат;

–     Эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилиги каралат.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

–  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 27-майынан баштап 2024-жылдын                 7-июнь күндөрү Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө                          саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.