Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалы жер кадастры жана катоо бɵлүмүнүн  жер кадстры жана кадастрдык сүрɵткɵ алуу боюнча  адис ваканттык  2(эки) жумуш ордуна конкурс жарыялайт

Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалы жер кадастры жана катоо бɵлүмүнүн  жер кадстры жана кадастрдык сүрɵткɵ алуу боюнча  адис ваканттык  2(эки) жумуш ордуна конкурс жарыялайт

 

Жер кадастры жан кадастрдык сүрɵткɵ алуу боюнча адис кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

Кесиптик билимдин деңгээли:

багыттары боюнча атаайын орто жана жогорку билими: юриспруденция, жерге жайгаштыруу жана кадастр, курулуш жана архитектура, агрономия, кыймылсыз мүлктү башкаруу, геодезия жана аралыкты байкаштыруу, картография жана геоинформатика, жаратылышты колдонуу жана экология, токой иштери, гидромелиорация

Иш стажы жана эмгек стажы:

Эмгек стажына талап коюулбайт

Кесиптик компететтүүлүк:

Билүүсү зарыл:

–      Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–      Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–     “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;

-Кыргыз Республикасын Жер кодексин;

2001-жылдын 11-январындагы № 4”Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

“Жайыттар жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасыны мыйзамын;

-Жер участогуна укуктарды күбɵлɵндүрүүчү документтерди тариздɵɵ жана берүүнү тартиби жɵнүндɵ” 2010-жылдын 8-декабрындагы КРƟ №311-токтомун;

-КРƟ 2011-жылдын 15-февралындагы “Кыймылсыз мүлккɵ укуктарды, укуктарга чектɵɵлɵɵрдү жана аны менен болгон бүтүмдɵрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жɵнүндɵ” № 49-токтомун;

-“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жɵнүндɵ” КР мыйзамын;

-“Коррупцияга каршы арекеттенүү жɵнүндɵ” КР мыйзамын;

“Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жɵнүндɵ” мыйзамын;

-“Жарандардын кайрылууларын кароо” жɵнүндɵ КР мыйзамын;

-“Кыймылсыз мүлккɵ жана аны менен болгон бүтүмдɵрдү, укуктарды  мамлекеттик каттоо жɵнүндɵ” КР мыйзамын;

–   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;

–      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын

6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө” Жобону;

-Кыргыз Республикасынын этика кодексин;

Көндүмдөр:

–      Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана

стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–      Талдоо, болжолдоо, жалпылоо мониторинг жүргүзүү;

–      Тезинен чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн

жоопкерчилик;

–      Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү

кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–      Көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу

мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–      Көзөмөлдөнгөн багытты натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:

–      Маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

–      Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө

колдонуу;

–      Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

–      Натыйжалуу мамилерди түзүү;

–      Маалымат базалары менен иштөө;

–      Иш убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

–      Компьютердик жана оргтехникага керектүү программалык өнүмдөргө ээ

болуу.

Жоюлган жана же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана же токтотулган жана же шектенүүсү бар  адамдар  жер кадастры жана кадастрдык сүрɵткɵ алуу боюнча  адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

–  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар.

     Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 12-мартынан баштап      27-мартын  кошо алуу менен  Кара-Суу шаарынын Культурная көчөсү 29 а, кадр иштери боюнча башкы адис А.К.Дунгуевдин жумушчу бөлмөсүнө саат  17: 00гɵ чейин, тапшырылышы керек.