Выражаем соболезнования по поводу безвременной кончины коллеги.

 

Химамов Суалир Марович

Кыргыз Республикасынын Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагы оор жоготууга учурап, тармактын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, белгилүү инсан, “Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун отличниги”, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси Химамов Суалир Марович 74 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

С.М. Химамов эмгек жолун 1973-жылы “Кыргызгипрозем” жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунда агроном-экономист болуп баштаган. Аталган институттун өндүрүштүк-финансылык ишин пландаштыруу жана оперативдүү эсепке алуу боюнча иштерди уюштурууга, каржылоо булактары боюнча келечектүү, жылдык, кварталдык иш пландарын түзүү, бекитүү боюнча иштердин комплексине, долбоорлоо-изилдөө иштерин каржылоо жана кредиттөө маселелерин чечүүгө жетекчилик кылган.

С.М. Химамов жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо системасында 41 жылдан ашык эмгектенген. Иштеген мезгилинде өзүн жогорку квалификациялуу адис, мыкты уюштуруучу жана талаптуу жетекчи катары көрсөткөн.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин  Ардак грамотасы, Кыргыз ССРинин Жогорку  Советинин Ардак грамотасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ардак грамотасы, Кыргызкесиптикбирлигинин Ардак грамотасы  менен сыйланган жана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун отличниги” жана Ардактуу кызматкери” төш белгилерине татыктуу болгон.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

С.М. Химамовдун элине өтөгөн көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы, тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы эч качан унутулбайт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан ыйманын саламат кылсын.