Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик  агенттиктин Жайыл филиалы ваканттык бош кызмат орунга сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик  агенттиктин Жайыл филиалы ваканттык бош кызмат орунга сынак жарыялайт

 

Жайыл филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнө жер кадастры жанакадастрдык сүрөткө тартуу боюнча адиси кызмат ордуна — 2 орун.

  1. Квалификациялык талаптар

Жер кадастры жана кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча адиси  кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү кызматтык талаптар коюлат:

Кесиптик билим деңгээли:

– жерге жайгаштыруу, юриспруденция, курулуш чөйрөсүндө, гидромелиорация, геодезия башкаруу жана картография чөйрөсүндө жогорку, бүтүрүлбөгөн жогорку, атайын орто (анын ичинде бакалавр академиялык даражасы) билими бар киши дайындалат.

Кесиптик компетенттүүлүк:

– Кыргыз Республикасынын жер кадастры менен жерге жайгаштыруу

маселелерин жөнгө салган мыйзам актыларын;

– эсептеп чыгуу, коммуникация жана байланыш каражаттарын;

– геодезия аспаптары менен иштөө техникасын;

– эмгек коргоо эрежелери менен ченемдерин.

Тилдерди билүүсү:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

– MS/Office;

– электрондук почтаны колдонуу;

– маалымат базалары менен иштөө шыктары.

– АМТ Infodocs (ЭИЖ)

  1. 2. Кызматтык милдеттери

– Бөлүмдүн адиси:

– кыймылсыз мүлккө укук жана түйшүктөрдү (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо ишмердигин, жер кадастры жана жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын так жана бирдей аткарылышын камсыздайт;

– мыйзам менен белгиленген тартипте жер участокторуна укук тастыктоочу документтерди тариздейт;

– жер участокторунун учурдагы абалы жөнүндө корутундулар менен

ачыктама каттарын өз убагында жана сапаттуу даярдайт;

– топографиялык жумуштарды (план-картография материалдарын,

техникалык жана долбоор документтерин, инженердик коммуникациялар боюнча материалдарды, топографиялык негизде кызыл сызыктарды изилдөө, талаа изилдөө жана графикалык материалдарды даярдоо) жасайт;

– жер участогунун чектерин натуралай чыгаруу актысын даярдайт;

– аткарылган жумуштардын көлөмү жана так отчеттуулук бланкалары

тууралуу өз убагындагы жана туура отчетторду ай сайын түзөт;

– жарандардын жер мамилелери, жерге жайгаштыруу маселелери

боюнча сунуш жана даттанууларын карап чыгат жана кетирилген каталар менен аныкталган бузууларды жоюу сунуштарын киргизет;

– функционалдык милдеттеринин тийиштүү деңгээлде аткарылышын

жана өндүрүш, аткаруу жана эмгек тартибинин сакталышын камсыздайт.

 

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүрөтү 3х4 – 3 даана;
  • Паспорттун көчүрмөсу (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Соттолбогондугу жөнундө маалымкат (КР ИИМ Маалымат борбору).

 

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2024- жылдын 08-апрелинен баштап, 2024- жылдын    22-апрелине чейин, Жайыл  филиалына төмөнкү дареги менен тапшыруунуздар керек: Кара-Балта ш., Ленина көч, 1.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.