Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысы  бош кызмат  орун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин                         Сокулук филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысы  бош кызмат  орун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

2. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Жер кадастры бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү кызматтык талаптар коюлат:
Кесиптик билим деңгээли:
– багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастр,  геодезия жана картография, архитектура жана курулуш, юриспруденция
Иш тажрыйбасы жана стажы:
– жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билими:

Төмөнкү ченемдик укуктук актылар менен иштей билүүсү зарыл:

–        Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–        Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–        “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

–        Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамы (02.06.1999-ж. №46);

–        Кыргыз Республикасынын Токой жана Суу кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Президентинин Жер-укутук мамилелери боюнча Жарлыктары;

–         Жер участокторуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жобо (КРӨнүн 08.12.2010-ж. Токтому №311);

–          Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобо (КРӨнүн 17.03.2014- ж. № 137 токтому);

–         -Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга  чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери (КРӨнүн 15.02.2011-ж. № 49 токтому);

–         Кыргыз Республикасынын Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамы (22.12.1998-ж. № 153);

–         Кыргыз Республикасынын Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамы (31.07.2015-ж. №210);

–         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

–         Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамы (04.05.2007-ж. № 67);

– Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамы (15.07.2013-ж. №145);

–    Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамы (31.07.2009-ж. №257);

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамы (20.07.2009-ж. №241);

– Кыргыз Республикасынын Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө мыйзамы (01.04.2022-ж. №21);

– Кыргыз Республикасынын Токой жерлеринин, Суу жерлеринин, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, Жер казынасын пайдалануу боюнча, Архитектура жана шаар куруу боюнча, Жайыттар жөнүндө, Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамдары;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн, Запастагы жерлерди берүүнүн, Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн, Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктөрдү берүүнүн тартиптери;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-

октябрындагы № 571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөө Регламенти;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” жобо;

– Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктар жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо ишмердигин жөнгө салган мыйзам актыларын;

– Жарандык, эмгек, каржы мыйзамдарын, салык мыйзамдарын;

– ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процедураларын;

– эмгек, өндүрүш жана башкарууну уюштуруу негиздерин;

– эсептеп чыгуу, коммуникация жана байланыш каражаттарын;

– эмгек коргоо эрежелери менен ченемдерин.

Чеберчилиги:

– жетекчинин шыктарына, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;

– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

– ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерлик;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында  аныктоо жана чечүү;

– кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүндүктөрүн табуу.

Жөндөмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– картографиянын негиздерин билүү;

– топографиялык жана геодезиялык иштердин негиздерин билүү жана аны картография материалдарына колдонуу;

– административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

– маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү;

– конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

– маалымат базалары менен иштөө;

– презентацияларды даярдоо;

– кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

– MS/Office;

– электрондук почтаны колдонуу;

– маалымат базалары менен иштөө шыктары.

– АМТ Infodocs (ЭИЖ)

Жеке сапаттары:

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчиликтүүлүк;

– тартиптүүлүк;

– аткаруучулук;

– тырышчаактык;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм –турум компетенциялары
– инновацияга басым жасоо;

– командалык иш;

– натыйжага багыт алуу;

– аналитикалык ой жүгүртүү;

– стратегиялык иштер;

– кесипкөй өнүгүү;

– ийкемдүүлүк;

– лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

– маданияттар аралык компетенция.

 Жоюлган жана/же жоюлбаган соттулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар филиалдын бөлүм башчы кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
3. Кызматтык милдеттери
– Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик актылардын талаптарына жараша Бөлүмдүн ишмердигин уюштуруу;

– жер кадастры, жерге жайгаштыруу жана укукту каттоо маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан так жана бирдей аткарылышын жана алардын өздөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттердин тийиштүү түрдө аткарылышын көзөмөлдөө;

– Бөлүмдүн адистери арасында квалификациясына жараша жумуштардын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн жана жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери жана каттоо маселелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;

– Филиалдын жетекчилигинин буйрук, тапшырма жана көрсөтмөлөрүнүн тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздоо;

– Бөлүмдүн кызматкерлерин дайындоо жана Кыргыз Республикасынын жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жана жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактабаган, функционалдык милдеттерин тийиштүү эмес түрдө аткарган жана эмгек тартибин бузган учурда ээлеген кызматынан бошотуу, жоопко тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

– Бөлүмдүн кызматкерлери үчүн тийиштүү эмгек шарттарын камсыздоого катышуу;

– ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;

– Бөлүмдүн ишмердигин оптималдаштыруу сунуштарын иштеп чыгуу, Филиалдын перспективдүү өнүгүү пландарын иштеп чыгууга иш билгилик чектеринде катышуу;

– ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулушуна көзөмөлдү камсыздоо;

– Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан аткаруу жана эмгек тартибинин сакталышын көзөмөлдөө;

– Бөлүмдүн кызматкерлеринин автоматтыштырылган “Инфодокс” ЭИЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо;

– укук тастыктоочу документтерди тариздөө арыздарынын аткарылышын жерине баруу менен тандама текшерүүсүн жүргүзүү.

4. Укуктары
Төмөнкүлөргө укугу бар:

– жетекчиликке эмгек мамилелеринин формасы менен эмгекти төлөө формасы боюнча сунуш киргизүү;

– Бөлүмдүн жумушунун уюштурулуусун жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу сунушун киргизүү;

– өзүнө, эмгегине сыйлуу мамилени талап кылуу;

– Бөлүмгө жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн бөлүмчөлөрдөн маалымат жана маалымат материалдарын алуу;

– Филиалдын бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринен коопсуздук эрежелеринин аткарылышын талап кылуу, эреже бузуу учурларында акт түзүп, бир нускасын Филиалдын жетекчилигине өткөрүп берүү;

– тапшырмаларды киргизүү жана иштетүү мөөнөттөрүн үзгүлтүккө учурашында, орой бузулушунда айыптуу кызматкерлерге карата тартип жаза чараларын колдонуу сунушун Филиалдын жетекчилигине киргизүү;

– жетекчиликтин бөлүмдүн жобосуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарынын, Кыймылсыз мүлккө укук менен чектөөлөр жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо боюнча практикалык колдонмонун талаптарына шайкеш келбеген тапшырмаларын аткаруудан баш тартуу;

– кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызматы жана абалына карабастан кызмат адамдары тарабынан кызматтык ишмердигине мыйзамсыз таасир этүүсүнө жол бербөө;

– саламаттык үчүн коопсуз эмгек шарттарынын түзүүлүүсү;

– Филиалдын жетекчилиги менен жогору турган органдардын мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбеген тапшырмаларын аткаруудан баш тартуу.

5. Жоопкерчилик
– бөлүмгө жүктөлгөн тапшырмалардын өз убагында жана так аткарылышы үчүн;

– жумуш жүгүнүн адилеттүү бөлүштүрүлүшү жана тартип жоопкерлиги системасынын тийиштүү деңгээлде иштөөсү үчүн;

– КРнын мыйзамдарына жараша жарандар менен юридикалык жактардын арыз жана даттанууларынын өз убагында каралып чыгуусу үчүн;

– иш билгилик чектеринде Филиалдын жетекчилеринин буйрук, тапшырма жана башка чечимдеринин аткарылышы үчүн.

 

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

–  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 17-майынан баштап 2024-жылдын 30-май күндөрү Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө                          саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.