Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Бөлүмдүн  жетектөөчү адис кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
       – багыттары боюнча жогорку билими: экономика жана финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, менеджмент жана юриспруденция жана сатып алуулар боюнча атайын сертификат.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
–     тиешелүү кесиптик чөйрөдө же 1,5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кесиптик компететтүүлүк:
Билүүсү зарыл:

–        Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–        Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–        “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;

–        Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;

–         Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 мыйзамы;

–  “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

–     Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө” мыйзамы;

–         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

–         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                        12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” Жобо.

Чеберчилиги:
–        иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–        анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

–        ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

–        кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–        кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–        өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
–        аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

–        маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

–        ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө

колдонуу;

–        административдик иштер боюнча жол-жоболорду билүү;

–        маалыматтык технологиялардын негиздерин билүү;

–        конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

–        маалымат базалары менен иштөө;

–        презентацияларды даярдоо;

–        кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

–        Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

–        Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

–        MS/Office;

–        электрондук почтаны колдонуу;

–        маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

–        АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

–        чынчылдык;

–        калыстык;

–        жоопкерчилик;

–        тартип;

–        аткаруучулук;

–        тырышчаактык;

–        демилге;

–        натыйжалуулук;

–        кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

–        коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
–        инновацияга басым жасоо;

–        командалык иш;

–        натыйжага багыт алуу;

–        аналитикалык ой-жүгүртүү;

–        стратегиялык иштер;

–        профессионалдык өнүгүү;

–        ийкемдүүлүк;

–        лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

–        маданият аралык компетенция.

           Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар директордун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-апрелинен баштап 15-апрелин кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат                                  18: 00го чейин, тапшырылышы керек.