Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Араван филиалы бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Араван филиалы бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

 

Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис-1 бирдик.

 Квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Араван филиалынын документтерин кабыл алуу жана берүү боюнча адис кызматына юриспруденция, жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, экономика жана кыймылсыз мүлктү башкаруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө жогорку билими бар, кесиби боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы бар адам дайындалат.
  2. Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис өзүнүн ишинде:

– кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби;

– жогору турган уюмдардын буйруктары жана тескемелери;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматы жөнүндө жобо жана филиал жөнүндө жобо менен ; ;

– эмгек тартибинин эрежелери менен;

– ушул кызматтык нускама.

  1. Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис төмөнкүлөрдү билиши керек:

– кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби;

-кызматтык милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө Кыргыз Республикасынын администрациялык, жарандык, жарандык процесстик Жазык-процесстик, жер, турак жай, үй-бүлөлүк, эмгек мыйзамдары.

– коррупцияга каршы туруудагы мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары;

– мамлекеттик жер кадастрын жана кыймылсыз мүлктүн, ага болгон укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн түзүмү, курамы жана технологиясы;

– жер кадастрынын, картографиясынын негиздери, индекстелген карталарды жүргүзүүнүн жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине идентификациялык коддорду ыйгаруунун принциптери;

– компьютердик техниканы, байланыш жана коммуникациялар каражаттарын пайдалануу эрежелери;

– эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугунун эрежелери жана ченемдери.

– кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо системасынын кызматчыларынын этикасы жана жүрүм-турум эрежелери;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди.

  1. II. Милдеттери
  2. Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адиске төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт::

– филиал тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө арыздарды жана документтерди кабыл алуу;

– өз компетенциясынын чегинде консультациялык кызматтарды көрсөтүү;

– арыз ээлерине документтерди берүү;

– кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте берүү;

III. Кызматтык милдеттери

  1. Ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис төмөнкү милдеттерди аткарат:

– арыз берген адамдын аны ырастоочу документке ылайык келишин текшерет;

– арыз берүүгө өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерет;

– берилген документтердин белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерет.

– Филиал тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарга акы төлөөгө документ жазып берет;

– белгиленген тартипте арызды жана берилген документтерди каттайт;

– арыздын туура толтурулгандыгын текшерет жана кабыл алуу күнүн, убактысын, арыздын катар номерин жана төлөгөндүгү жөнүндө документтин номерин коет, жарандын жеке идентификациялык номери болсо, арызда тийиштүү графаны милдеттүү түрдө толтурат;

– арыз ээлерине белгиленген формага ылайык арызды жана документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берет жана байланыш телефонун жазат (бар болсо);

– мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте талап кылат;

– тиркелген документтери менен арызды филиалдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берет;

– документтердин пакети толук эмес келип түшкөндө арыз ээсине жетишпеген документтерди берүү зарылдыгы тууралуу билдирүү менен документтерди кабыл алат;

– арыздарды жана документтерди кабыл алуудан белгиленген тартипте баш тартат;

– мамлекеттик каттоонун негизги документтерин жүргүзөт(укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү каттоого арыздарды кабыл алуу жана каттоодон кийин документтерди берүү журналы) ;

– белгиленген тартипте арызды жана документтерди онлайн режиминде кабыл алат жана берет;

– Филиал тарабынан даярдалган документтерди берет (каттоого берилген документтер, укукту күбөлөндүрүүчү документтер, техникалык паспорту, малым каттар, көчүрмөлөр ж. б.);

– бул укукту талашып жаткан адамдан талашылып жаткан укукту каттоону токтотуу жөнүндө арызды кабыл алат;

– кыймылсыз мүлккө укукту же аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине билдирүү берет / жиберет;

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

– өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фотосүрөт;

– жыйынтык;

– билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

– соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;

– медициналык справка – форма 86-у;

– автобиография (өз колу менен);

– билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

– аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

– окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

– паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).

 

Документтерди 2024-жылдын 18-апрелине  саат 17:30 га чейин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Араван филиалына Араван району Араван айылы Х.Абдуллаев көч.  58 телефону (03231) 5-08-43.