Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы Жалал-Абад филиалынын бухгалтеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы Жалал-Абад филиалынын бухгалтеринин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик

Стажы жана иш тажрыйбасы:
– тиешелүү кесиптик чөйрөдө 1 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик билим деңгээли:
– экономика, каржы жана кредит, бухгалтердик эсеп, аудит багыты боюнча жогорку/ орто-атайын билими.
Билим:
– 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси ;
-2019-жылдын 12- сентябрындагы № 103-Б , 16- сентябрындагы № 107-П Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобосу;
-2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 бирдиктүү казыналык системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары боюнча жобо;
– 2008-жылдын 17 – октябрындагы № 230Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2008- жылдын 17 – октябрындагы № 230;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы № 116 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жобосу;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү типтүү нускама;
– Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;
-2004-жылдын 4-августундагы № 106 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 мыйзамы;
– экономика, пландаштыруу, бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча мыйзам актыларын, жарлыктарды, методикалык жана ченемдик материалдарды;
– Каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС);
– бухгалтердик эсептин автоматташтырылган программасы 1-С;
– бул чөйрөдө документ жүгүртүүнү уюштуруу;
– эмгек мыйзамдары жана салык мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын ички актылары.

 

Милдеттери:
– жумуш убактысын эсепке алуу табелдерин кабыл алууну, талдоону жана контролдоону ишке ашырат жана аларды эсептөө иштеп чыгууга даярдайт;
– эмгекке убактылуу жарамсыздык жөнүндө баракчалардын жана кызматкердин жумушта жок болуу укугун ырастаган башка документтердин туура таризделишин кабыл алат жана көзөмөлдөйт, аларды эсептөө үчүн даярдайт;
– белгиленген мөөнөттө эмгек акыны, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, штаттык ырааттамага ылайык филиалдын кызматкерлерине ар кандай кошумча төлөөлөрдү жана үстөктөрдү чегерет;
– төлөмдөрдү (салыктарды) бюджетке жана эмгек акы фондунун Кырыгз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрүн пландаштыруу;
– филиалдын квартал, жарым жыл, 9 ай жана жыл үчүн каржылык – чарбалык ишине талдоо жүргүзүү;
– филиал боюнча иштердин көлөмүн талдоо (иштин түрлөрү боюнча);
– календардык жылга филиал боюнча жумуштардын пландаштырылган көлөмүн аткарууга жана квартал боюнча бөлүү менен чыгымдардын сметасын (статьялар боюнча) талдоо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акыдан салыктарды кармоону жана Социалдык фондго чегерүүлөрдү жүргүзөт;
– киреше салыгы, сатуудан салык, Социалдык фондго чегерүүлөр тууралуу отчеттор боюнча отчетторду өз убагында берет;
– кызматкерлердин арызы боюнча эмгек акысы жөнүндө маалымкат берет;
– негизги каражаттарды кириштеген учурда ТМБ алынган баштапкы
документтерге (эсеп-фактураларга, накладнойлорго ж. б.) ылайык белгиленген мөөнөттө кириштейт – инвентардык номерлерди ыйгарат;
– ТМБНЫН жылдырылышында накладнойлорду белгиленген тартипте жазып берет;
– ТМБНЫ эсептен чыгаруу актыларын эсепке алат жана контролдойт;
– ТМБНЫН кыймылы боюнча жүгүртүү ведомостторун ай сайын тариздейт.;
– филиалдын иш көлөмүн календардык жылга жана кварталдар боюнча бөлүштүрүү менен пландоо (иштердин түрлөрү боюнча);
– календардык жылга жана квартал боюнча бөлүштүрүү менен жумуштардын пландалган көлөмүн аткарууга чыгымдардын сметасын (чыгымдардын беренелери боюнча) пландоо;
– сарптоолордун сметасын түзүү жана квартал, жарым жыл, 9 ай жана жыл үчүн бекитилген Иш планын (көлөмүн) аткарууга чыгымдардын сметасын аткарууну талдоо;
– эмгек боюнча планды жыл ичинде жана квартал боюнча бөлүштүрүү менен түзүү;
– штаттык ырааттамага ылайык, эмгек акы төлөө фондун, ошондой эле филиал боюнча жыл ичинде жана квартал боюнча бөлүштүрүү менен аныктоо;
– эмгекти коргоо боюнча кызматтык нускамага ылайык талаптарды аткарат;
– ушул кызматтык нускамага кирбеген, бирок өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу келип чыккан жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткарат;
– бухгалтердик документтердин сакталышына көз салат, аларды архивге өткөрүп берүү үчүн белгиленген тартипке ылайык жол-жоболоштурат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;
– кызматтык этиканын ченемдерин сактайт;
-Мекемеде белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактайт;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин колдойт;
– жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткарат;
– Мекемеге жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткарат.
Тилдерди билүү:
– мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

Компьютерде иштей билүү:
– MS / Office;
– электрондук почтаны башкаруу;
– 1-С менен иштөө көндүмдөрү.

Жеке сапаттар:
– чынчылдык
– калыстык
– жоопкерчилик
– тартип
– тырышчаактык
– тактык
– демилге
– мотивация
– натыйжалуулук
– жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
– кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
– жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3×4 сүрөт – 3 даана;
– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 26-январынан баштап 7-февралын кошо алуу менен чейин Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00го чейин, тапшырылышы керек.