Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл филиалы ваканттык бош кызмат орундарга сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл филиалы ваканттык бош кызмат орундарга сынак жарыялайт

Ысык-Көл филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүнжер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 орун.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

– кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик билим деңгээли:

– төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: Жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, укук таануу, кыймылсыз мүлктү башкаруу, геодезия жана аралыкты байкаштыруу. Табият таануу илимдери: картография жана геоинформатика, география. Жаратылышты колдонуу жана экология: агрономия, токой иштери, гидромелиорация.

Кесиптик компетентүүлүгү:

Ченемдик укук актыларды билүү

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө Жобо.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

-Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Этика Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын жарандар кодекси

-Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.

Билүүсү шарт (керек):

-ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

-кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн инновациялык (жаңычыл) ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

-өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Чеберчилиги:

– маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын  өздөштүрүү, кат алышууларды мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;

– маалымат базалары менен иштөө;

– кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

– компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү;                                                                                                                      -GPS аппараты менен иштөөсү

Көндүмдөрү:

– Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;                                                                                                              –

– Картографиялык материалдар менен иштөө;

– Жумуш убакытты туура бөлүштүрүү;

– AutoCAD. ArchiCAD,ArcGis  программасын ишке ашыруу жана колдоно билүү

Тилдерди билүү:

– мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүү

– MS / Office;

– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;

– СЭД  жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

Жеке сапаттар

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчилик;

– тартип;

– тырышчаактык;

– мотивация;

– натыйжалуулук;

– жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;

– кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

 

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024 жылдын 8 июлунан  баштап 2024 жылдын 22 июлунун саат 17:30 га чейин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл филиалынын кабылдамасына тапшыруунуздар керек.

Дареги: Чолпон-Ата шаары, Совет көч., 120

Телефон: 0 3943 4-27-53, 0705333579.