Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук жөнгө салуу жана мониторинг башкармалыгынын адисинин квалификациялык талаптары жана кызматтык нускамасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук жөнгө салуу жана мониторинг башкармалыгынын адисинин квалификациялык талаптары жана кызматтык нускамасы

 

1. Жалпы маалымат
Уюмдун аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Агенттик)
Адрес: Бишкек ш.,  Орозбеков к., 44
Почта индекси: 720040
Кызматтын аталышы  адис
Түзүмдүк бөлүм Укуктук жөнгө салуу жана мониторинг башкармалыгы
Түздөн түз жетекчилиги Башкармалыктын башчысы
Штаттык бирдиктин саны 2
Иш убактысы (баштоо, аяктоо, тыныгуу) 09:00 – 18:00; тыныгуу –  12:30 – 13:30

 

2. Квалификациялык талаптар жана өздүк сапаттары
Башкармалыктын адиси кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү кызматтык талаптар коюлат:
Кесиптик билим деңээли:
     – багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана стажы:
Кадастр жана укуктарды каттоо тармагында 2 жылдык иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 1 жылдан кем эмес
Билим:
Билүүсү зарыл:

–        Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–        Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–        “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;

–        Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

–        Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;

–         “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” , “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

–         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы            № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нусуама”;

–         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”;

–     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”;

–     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” Жобосу;

–         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

–         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо.

жөндөмдүүлүк:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– ɵз тармагындагы көйгөйүн чечүү, жолдорун талдоо, болдолжоо, жалпылоо, мониторинг жасоо4

– башкаруу чечимдеринин оперативдүү аткарылышы жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

– укук-ченемдик актылар менен иштɵɵ жана тажрыйбада колдонуу;

– аналитикалык, стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, анализдɵɵ, системалаштыруу

жана маалыматтарды жалпылоо;

– маалымат базасы менен иштɵɵ жана кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

–  ɵз ара мамилелерди нвтыйжалуу түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, мамлекеттик, расмий тилде кат жазуу;

жеке сапаттар:

       – актык;

–  жоопкерчилик;

–  калыстык;

–  тартиптүүлүк;

–  тактык;

– аткаруучулук;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– коюлган тапшырмаларды чыгармачылдык мамиле менен чечүү;

– кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

негизги жүрүм-турум компетенциялары: 

–        командада иштɵо;

–        натыйжага багыт алуу;

–        аналитикалык ой жүгүртуү;

–        профессионалдык ɵнүгүү;

–        ийкемдүүлүк;

Тилдерди билүү:

–  кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик  жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерди билүү:

– MS/Office;

– АМТ Infodocs (ЭДЖТ)

– электрондук почта колдонуу.

 

3. Кызматтык милдеттери жана функциялары
–  бекитилген пландын негизинде филиалдардын кызматкерлерине окутуу жүргүзөт;

– Агенттиктин  кызматкерлерин ар кандай багыттар боюнча даярдоо, квалификациясын

жогорулатуу боюнча иштерди уюштурат;

– Агенттиктин чечимдеринин, буйруктарынын долбоорлорун жана Агенттиктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү предметине укуктук талдоо жүргүзүү, ошондой эле макулдашуу;

– сот процесстерине катышуу;

– жеке жана юридикалык жактардын административдик даттанууларын кароо жана административдик даттануулары боюнча чечимдерди кабыл алуу;

– Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдоо;

– Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматтын жогору турган жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;

– соттордо Агенттиктин кызыкчылыктарын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу адамдарга ишеним каттарды тариздөө;

– Агенттиктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнө укуктук консультация берүү;

– Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматка даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароо;

– Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды кызматтын филиалдарына жана ведомстволук бөлүмдөрүнө жөнөтүү;

– Агенттиктин ишин өркүндөтүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;

– Башкармалыктын иши жөнүндө отчетторду кызматтын жетекчилигине берүү;

– аналитикалык, маалыматтык, статистикалык материалдарды жана маалыматтарды даярдайт, Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген отчеттуулукту жүргүзөт;

– Агенттиктин жетекчилиги тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышат.

-Агенттик боюнча сот процетерин жана административдик чечимдерин анализдейт.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар.

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 7-октябрынан баштап                          18-октябрын  кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат 18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.