Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

  1. Билими жогорку: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  2. Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
  3. Мамлекеттикжана расмийтилдердибилүү.
  4. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды (КЖБ, КЖБ ж.б.) билүү.
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

 

Кызматтык милдеттери:

–  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

– Кыргыз Республикасынын  жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органынын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;

– жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;

– жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;

-жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо;

– жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо;

– айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;

– өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

– кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

-Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо,

–  кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

– кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;

– жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрдүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

– зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;

– ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;

– ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын (мамлекеттик акт, күбөлүктөр) эсепке алуу жана колдонулуша көзөмөлдү камсыздоо;

– “Инфодокс” ЭДЖ системасы  менен толук кандуу иштешин камсыздоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 6декабрь 2024-ж. саат 17:30 чейин Ленин көч., 25 -Таш-Көмүр филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03745 5-03-38

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.