Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалы  милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адисинин бош ваканттык (1 бирдик) оордун  ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалы  милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адисинин бош ваканттык (1 бирдик) оордун  ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

 

Квалификациялык талаптары:

       Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адис  кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар
                                                     

                                                    Кесиптик билим деңгээли:

        Багыттары боюнча жогорку билими: жерге жайгаштыруу жана кадастр,    мүлктү баалоо жана башкаруу  жана  юриспруденция
                                                    Иш тажрыйбасы жана стажы:
– жогорку юридикалык билими бар, каттоочу болуп 3 жылдан кем эмес иштеген, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда окуу курсунан өткөн жана тийиштүү квалификациялык сертификаты бар адам дайындалат. Филиал тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча филиалдын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
      Билүүсү зарыл:

–       Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–          Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–          “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

–          Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;

–          Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

–          Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

–          -“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”,  “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”,” Жеке  мүнөздөгү маалымат жөнүндө”,  “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө”,  “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

–       Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

–       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентин”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен бекитилген “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобону;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежесин”;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2023-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген “кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын”;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                     12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен   бекитилген  Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө, Мамлекеттик менчикте турган  жер участокторун берүү  жөнүндө тартиптерин;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону;

– Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы №449 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын   алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун  мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 токтому менен бекитилген “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө” жобону;

– Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана  кыймылсыз мүлккө укуктарды  каттоо департаментинин 2015-жылдын 27-майындагы №78 буйругу менен  бекитилген “Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана  кыймылсыз мүлккө укуктарды  каттоо департаментинин кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтар базасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускамасын”;

-Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 1292021-жылдын 29-ноябрындагы № 1422022-жылдын 30-июнундагы № 532022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №759 Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу токтомун;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №760 Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө токтомун;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы  № 158 Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндөгү токтомун;

– ченемдик укуктук  актыларды иштеп чыгуу процедураларын;

-эмгек, өндүрүш жанга башкарууну уюштуруу негиздерин;

-эмгек коргоо эрежелерин жана ченемдерин.

  – Филиал жөнүндө жобону

 

 

Компьютерде иштей билүүсү:

MS/Office;

электрондук почтаны колдонуу;

маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ)

 

                                                        Жеке сапаттары:

Чынчылдык, калыстык, жоопкерчилик, тартип, аткаруучулук, тырышчаактык, демилге, натыйжалуулук, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

                                                             Жоопкерчилик
Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат:

– ушул кызматтык нускамага жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;

–  Агенттиктин, Филиалдын  регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабоо үчүн;

– мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн;

– жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;

– мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

– кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо үчүн;

– келтирилген материалдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат;

– эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); аскердик билет, мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

–  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 9-апрелинен  баштап 22-апрель күндөрү Нарын шаары, Ш.Мамбетов  көч., 7 дарегине, саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.