Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгынын жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин финансы жана экономикалык пландаштыруу башкармалыгынын жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

  1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Башкармалыктын жетектөөчү адиси кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
      – багыттары боюнча жогорку билими: экономика, каржы жана кредит, бухгалтердик эсеп, аудит
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
   -жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билими:

Башкармалыктын башкы адиси төмөнкүлөрдү билиши керек:

– Кыргыз Республикасынын Консититуциясы;

– Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жɵнүндɵ» конституциялык Мыйзамы;

– КР Эмгек кодекси;

– КР бюджет жөнүндө кодекси;

– Мыйзам актылары, токтомдор, экономикалык, финансалык пландоону уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик материалдар;

– Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген «Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) методикасы жɵнүндɵ» Жобону;

– 1-С автоматташтырылган бухгалтердик программасын;

– Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Жер агенттигинин ички актыларын;

– менеджменттин, пландаштыруу жана талдоо жүргүзүүнүн негиздерин.

Чеберчилиги:
–        иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–        анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

–        ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

–        кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–        кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–        өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
–        бюджетти программалык негизде түзүү;

–     жылдык иш пландарын иштеп чыгуу;

–    ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

–        мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

–        маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо;

–        ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

–       конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

–       маалымат базалары менен иштөө;

–       презентацияларды даярдоо;

–       кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

–       компьютердик жана башка техникаларды, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

–        Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

 

Компьютерде иштей билүүсү:

–        MS/Office;

–        Excel;

–        электрондук почтаны колдонуу;

–        маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

–        АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

–        чынчылдык;

–        калыстык;

–        жоопкерчилик;

–        тартип;

–        аткаруучулук;

–        тырышчаактык;

–        демилге;

–        натыйжалуулук;

–       кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

–        коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
–        инновацияга басым жасоо;

–        командалык иш;

–        натыйжага багыт алуу;

–        аналитикалык ой-жүгүртүү;

–        стратегиялык иштер;

–        профессионалдык өнүгүү;

–        ийкемдүүлүк;

–        лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

–        маданият аралык компетенция.

Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар башкы адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 26-августунан баштап 9-сентябрын  кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат                                  18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.