Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин Ош филиалына маалыматтык технологиялар боюнча башкы адис бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин Ош филиалына маалыматтык технологиялар боюнча башкы адис бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

 

Ош филиалына маалыматтык технологиялар боюнча башкы адис бош кызмат ордуна -1 бирдик.

 

Квалификациялык талаптар:

 

Кесиптик билим деңгээли:

– Эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билими.

 

Иш тажрыйбасы жана стажы:

– маалыматтык коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

– жерди башкаруу, кадастр, геодезия, картография жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылыкка ээ.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүүсү зарыл:

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Укуктук ченемдик актыларды:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–  “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобону.

 

Компьютердик жана маалыматтык технологиялар жаатында:

– MS SQL Server , MySQL (маалымат базасынын түзүмүн түзүү жана өзгөртүү, тиркемелерди түзүү) менен билим жана тажрыйба

– PHP, JavaScript , Java , XML, HTML, ASP.NET менен иштөө көндүмдөрү

– SQL жана реляциялык маалымат базаларын билүү;

– IT системаларын жана маалымат базаларын тестирлөө жана ишке киргизүү тажрыйбасы;

– ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы.

Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:

– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;

– ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

– санариптик технологиялар боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук, методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу жана санариптик чөйрөдөгү укуктук тобокелдиктерди адекваттуу баалай билүү;

– IT продуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;

– программалык камсыздоону иштеп чыгуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

– өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

– маалыматты анализдөө, системалаштыруу жана жалпылоо, жалпылоо, мониторинг жургүзүү, презентацияларды даярдоо;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

– тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;

– чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.

Жеке сапаттары

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчилик;

– тартип;

– пунктуалдуулук;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;

– кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

Кызматтык милдеттери

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сактоо;

– жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

– Агенттикте бекитилген ички эмгек тартибин, кызматтык нускаманы, расмий маалымат менен иштөө тартибин жана өз ара аракеттенүүнүн тартиптерин сактоо;

– өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде берилген жогорку кызмат өкүлдөрүнүн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

– программалык камсыздоону иштеп чыгуу;

– Агенттиктин маалымат базаларын коштоону ишке ашыруу (АСР, ГИС-тиркеме);

– программалык үзгүлтүктөрдү ыкчам аныктоону жана аларды четтетүүнү камсыз кылуу;

– программалык тиркемелерге маалыматтарды киргизүүнүн тууралыгын жана толуктугун контролдоо;

– маалыматтар базалары менен иштөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн программалык каражаттарды өркүндөтүү же жаңылоо боюнча сунуштарды анализдөө жана чогултуу.

– филиалдардын адистерине консультациялык жардам көрсөтүү;

-Агенттиктин маалыматтык сайтын жаңылоону жана коштоону ишке ашыруу.;

– Интернет-порталдын контентин колдоону жана жаңылоону ишке ашыруу;

– программалык модулдарды иштеп чыгуу, тестирлөө;

– тышкы кардарлар менен консультациялык иштерди жана биллинг системасын техникалык колдоону жүзөгө ашырат;

– тышкы кардарлардын маалымат базалары менен иштөөсүнө мониторинг жүргүзөт;

– ички жана тышкы пайдалануучулардын маалыматтык ресурстарды пайдалануусу боюнча отчетторду даярдайт;

– Агенттиктин ишин өнүктүрүү, жаңы технологияларды киргизүү боюнча сунуштарды берет;

– Агенттикке жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткарат.

 

Жоопкерчилик

Төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат:

– ушул кызматтык нускамага жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;

–  Агенттиктин регламентин, жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабоо үчүн;

– мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн;

– жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;

– мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде жетекчилердин тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип, сапатсыз аткаргандыгы үчүн;

– кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында карабоо үчүн;

– келтирилген материалдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат;

– эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

 

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 17-апрелинен тартып 2025-жылдын 10-майына  чейин  Ош шаары,  И.Раззаков кең көчөсү 15 А дарегине  саат 17:00 гө чейин тапшырылышы керек. Тел:   (03222) 8-38-01;  +996 553 344 343