Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу филиалы техникалык тейлөө персоналынын тутумдук администратору кызмат ордуна -1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу филиалы техникалык тейлөө персоналынын тутумдук администратору кызмат ордуна 1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт..

Филиалдын тутумдук администратору– 1 (бир) бирдик.

Тутумдук администратор кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар  коюлат:

Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча жогорку билими: эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: Тутумдук администратор – эсептөө техникалары жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө  2  жылдан кем эмес эмгек стажы;

Жерди башкаруу, кадастр, геодезия, картография жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы бизнес-процесстерди билүүсү, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу тажрыйбасы артыкчылыка ээ.

  Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Маалымат базаларын башкаруу боюнча MS SQL Server , MySQL системалары менен иштөө тажрыйбасы жана билими;

– Windows жана Unix классындагы операциялык системаларын билүүсү;

– WEB сервер, FTP сервер, Mail , DNS негизги кызматтары менен иштөө;

– IT системалары жана маалымат базалары менен иштөө тажрыйбасы;

– Геомаалыматтык тиркемелер жана системалар менен иштөө тажрыйбасы.

 

Билүүсү зарыл:

–         Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–         Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–         “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамы;

–    Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодексин;

–         Кыргыз Республикасынын  Граждандык  кодексин;

–         Кыргыз Республикасынын Этика кодексин

–         “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

–         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;

–         Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын                        2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу,  жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

–         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                         12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

–    Филиал жөнүндө жобону;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы

№ 709 токтому менен бекитилген Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптарды;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 745 токтому менен бекитилген “Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы

№ 747  токтому менен бекитилген Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 “Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону.

Чеберчилиги:

  • иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
  • ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

   Жеке сапаттары:

– чынчылдык;

– калыстык;

– жоопкерчилик;

– тартип;

– пунктуалдуулук;

– демилгелүүлүк;

– натыйжалуулук;

– коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;

– кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

 

  • өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт 3 х4 см;
  • резюме;
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • автобиографию (кол менен);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); аскердик билеттин көчүрмөсү.
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

             Папкага салынган документтер 2024-жылдын 6-ноябрынан баштап 2024-жылдын 25-ноябрына чейин  саат 17:30га чейин Каракол шаары Тюпская №1  дарегине тапшырылат. Тел. 03922 3-12-92, 0508010108

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Сынактын датасы, убактысы жана орду кошумча жарыяланат.