Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.
Каракол-Аксуу филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат ордуна-1 орун.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик билим деңгээли:
— төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: жерге жайгаштыруу, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
Билим:
Мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда, ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышы керек:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
-“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө токтому (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 Токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды кмтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө Жобо;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;
-“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
— Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.
Жөндөмдөр:
— ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
— чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн инновациялык (жаңычыл) ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, ишкердик кат алышуунун кеңешмелерин мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;
— маалымат базалары менен иштөө;
— презентацияларды даярдоо;
— кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктуларга ээ болуу.
Тилдерди билүү:
— мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.
Компьютерде иштей билүү
— MS / Office;
— электрондук почтаны башкаруу;
— маалымат базалары менен иштөө көндүмдөрү.
Жеке сапаттар
— чынчылдык;
— калыстык;
— жоопкерчилик;
— тартип;
— тырышчаактык;
— тактык;
— демилге;
— мотивация;
— натыйжалуулук;
— жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
— кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фотосүрөт;
— жыйынтык;
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;
— медициналык справка — форма 86-у;
— автобиография (өз колу менен);
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 28-июнунан тартып 2024-жылдын 10-июлуна чейин Каракол шаары, Түп көчөсү, 1 дарегине саат 17:00го чейин тапшырылышы керек. Тел: (03922) 3-12-92; 0508 01-01-08