Каракол-Аксуу   филиалынын кадастрдык картография боюнча  адис кызмат ордуна бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу   филиалынын кадастрдык картография боюнча  адис кызмат ордуна бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

 

Каракол-Аксуу филиалынын  жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн   кадастрдык картография боюнча  адис кызмат ордуна – 1 орун. жана коюлуучу талаптар:

 

  • Кесиптик билим деңгээли:
  • Жогорку билим же кесиптик орто билим (жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, гидромелиорация, юриспруденция, агрономия, архитектура жана курулуш);
  • Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Кесип боюнча 1-жылдан кем эмес эмгек стажы;
  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

—Кыргыз  Республикасынын  Жер Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын  Граждандык Кодекси;

-Кыргыз  Республикасынын  жер  мыйзамдары боюнча укук ченемдик актылар

Билгичтиги:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • Документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

Командада иштөө;

  • Жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;
  • Картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү;

Көндүмдөрү:

  • Мамлекеттик жана/ же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Маалымат базасында иштей билүү;
  • Геодезиялык инструменттер менен иштей билүү;
  • Жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
  • Компьютерде иштей билүү (Word, Exсel, Internet Auto CAD);

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фотосүрөт;

— жыйынтык;

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;

— медициналык справка — форма 86-у;

— автобиография (өз колу менен);

— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).

 

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 28-июнунан тартып 2024-жылдын 10-июлуна  чейин  Каракол шаары,  Түп  көчөсү, 1 дарегине  саат 17:00го чейин тапшырылышы керек. Тел:  (03922) 3-12-92;  0508 01-01-08