Кадастрдык план жөнүндө

Урматтуу жер участокторунун менчик ээлери жана пайдалануучулары!

Акыркы күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жаңы долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө жер участогунун укук күбөлөндүрүүчү документтерин кадастрдык планга алмаштыруу жөнүндөгү сунушка байланыштуу калк арасында тынчсыздануу башталгандыгы байкалууда.

Буга байланыштуу Жер агенттиги бул боюнча негизсиз чечмелөөлөрдү жана спекуляцияларды алдын алуу максатында сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн маңызын боюнча түшүндүрмө бермекчи.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин долбоорунда укукту күбөлөндүрүүчү документтердин ордуна кадастрдык план катары ыйгарым укуктуу адам кол коюучу жана каттоо органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүчү жана мурдагы документтердей эле юридикалык күчкө ээ болгон бирдиктүү документ берүү сунушталат.

Документтин бул формасына өтүүнүн максатка ылайыктуулугу кызмат көрсөтүүгө кеткен убакытты кыскартуу, финансылык, материалдык ресурстар жана документтерди жасалмалоодон коргоону камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган. Баарыбызга белгилүү болгондой, жер тилкелеринин документтерин жасалмалоо азыркы учурда олуттуу көйгөй болуп саналат. Жер участогуна документтерди жасалмалоо фактылары бар, аларды түп нускасынан бир караганда айырмалоо мүмкүн эмес. Мындай мыйзамсыз аракеттер укук ээлерине олуттуу зыян келтирет, ошондуктан биздин Жер агенттиги документтердин аныктыгын текшерүүнүн натыйжалуу жолун табууга аракеттенүүдө.

QR интерактивдүү кодунун милдети-белгилүү бир документтин аныктыгын текшерүү болгондуктан, технологиянын өнүгүшү менен мындай мүмкүнчүлүк бизде пайда болду.  Бул укук ээлерине жер участогуна документтин анык жана жараксыз экендигине ынанууга мүмкүндүк берет.

Маалыматтар базасынын коопсуздугуна коркунуч туудурган айыптоолорго жооп катары, кыймылсыз мүлк маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жер агенттиктин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун автоматташтырылган тутуму жергиликтүү жана борбордук деңгээлде кайталанып тураарын маалымдайбыз. Резервдик көчүрмөлөрдү түзүү менен күн сайын маалымат базасынын репликациясы жүргүзүлүүдө. Ошондой эле система маалыматты уруксатсыз жок кылуудан, бөгөттөөдөн, модификациялоодон, маалыматты көчүрүүдөн же маалыматты коргоо каражаттарын нейтралдаштыруудан, ошондой эле бул программаларды жана маалыматты табууга жооп кайтарууда тиешелүү коргоо менен камсыз болгон.

Урматтуу жарандар! Документтин формасын алмаштырууга байланыштуу жер участогуна укукту алып коюу коркунучу тууралуу социалдык тармактардагы айрым адамдардын божомолдоруна жана инсинуацияларына ишенбөөнү суранабыз.

Документтин формасын алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголгон жер участогуна болгон менчик укугуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Мурда берилген кызыл жана жашыл китептер алмаштырылбайт жана мыйзамдуу күчкө ээ болот.