Баткенде топографиялык топтордун кезектеги жыйыны өттү

Жетишилген макулдашууга ылайык, 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.