Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен филиалы бухгалтердин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт 1 бирдик.
1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары |
Башкармалыктын бухгалтери кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: |
Кесиптик билимдин деңгээли: |
– багыттары боюнча жогорку билими: экономика, каржы жана кредит, бухгалтердик эсеп, аудит |
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: |
– жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес |
Кесиптик компетенттүүлүк: |
Билими:
Мекеменин бухгалтери төмөнкүлөрдү билиши керек: – Кыргыз Республикасынын Консититуциясы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – Кыргыз Республикасынын Бюджет жөнүндө кодекси; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жɵнүндɵ» конституциялык мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жɵнүндɵ» мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №53 токтому менен бекитилген “Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө” Жобо; – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1 буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө” Жобо; – мыйзам актылары, токтомдор, экономикалык, пландоо, бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик материалдар; – Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген «Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) методикасы жɵнүндɵ» Жобо; – кирешеден алынуучу салык тартиби; – Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Жер агенттигинин ички актылары. |
Чеберчилиги: |
– иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг; – ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу; – өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу. |
Жөндөмдүүлүк: |
– жылдык иш пландарын иштеп чыгуу;- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;- мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – конфликттик кырдаалды жөнгө салуу; – маалымат базалары менен иштөө; – презентацияларды даярдоо; – кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тилдерди билүүсү:
– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү. Компьютерде иштей билүүсү:
– 1-С: Бухгалтердик автоматташтырылган программасы; – MS/Office; – электрондук почтаны колдонуу; – маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү; – АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ); – салык кызматынын сайттары менен иштей билүүсү. Жеке сапаттары:
– чынчылдык; – калыстык; – жоопкерчилик; – тартип; – аткаруучулук; – тырышчаактык; – демилге; – натыйжалуулук; – кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу; – коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу. |
2. Кызматтык милдеттери |
Мекеменин бухгалтери төмөнкү милдеттерди аткарат:
-отчеттуулук жана эсепке алуунун оперативдүү жана натыйжалуу системасын киргизүү маселелерин жөнгө салуучу нускамаларды, колдонмолорду иштеп чыгуу; – колдонуудагы мыйзамдарга, эмгек жана жалдоо келишимдерине, жумуш убактысын эсепке алуу боюнча ички документтерге ылайык кызматкерлерине ай сайын эмгек акыны өз убагында эсептөө жана төлөп берүү; – эмгек акы жана башка төлөмдөрдү (эмгек өргүү, эмгекке жарамсыздык боюнча төлөмдөрү, кызматкер жумуштан бошогондогу акыркы эсептешүү төлөмдөрү) өз убагында эсептөө жана төлөп берүү; -салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык чегерүүлөр боюнча мыйзамдарга ылайык кызматкерлердин эмгек акысынан, социалдык фондко чегерүүлөрдү, киреше салыгын өз убагында, толук кармап калууну жана которууну жүргүзүү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эмгек акы боюнча баштапкы эсеп документтерин, бухгалтердик эсептин регистрлерин, бухгалтердик отчеттуулукту түзүү; –аткарган ишине жараша эмгек акы алып иштеген кызматкерлердин айлык маянасын наряд-отчеттун негизинде жургүзүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү; –кызматкерлердин эмгек акысынын банктагы кард-счетторуна өз учурунда которулушун камсыз кылуу; – кызматкерлерге эмгек акыны чегерүүнү элементтер боюнча жүргүзүлүшүн жана которулушун камсыздоо; – эмгек акыдан алынган салыктары жана социалдык фондко чегерүүлөрү өз убагында эсептелип, салык кызматына которулуп жана отчет тапшырылышына көзөмөл жүргүзүү; – эмгек акы боюнча жана бухгалтердик эсептин маалыматтарына негизделген финансылык отчеттуулукту, салык отчеттуулугун, статистикалык отчеттуулукту жана отчеттуулуктун башка түрлөрүн түзүү жана өз убагында берүү; – кызматкерлерге убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили үчүн эмгек акыны медициналык мекеме тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык (сыркоо барагы) баракчаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген өлчөмдө жүргүзүү; – кызматкерлердин эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөрү, киреше салыгын жана алардын жүгүртүлүшүн “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасында жүргүзүлүшүн камсыз кылуу; – кесиптик бирликке мүчөлүк төгүмдөрдү кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү кабыл алуу өтүнүч арызы болгон учурда кармап калууну жүргүзүү; – эмгек акыга байланышкан документтерди Кыргыз Республикасынын архивдик иши тууралуу мыйзамдар тарабынан белгиленге тартипте сактоо; – инвентаризация жүргүзүү; – башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышуу; – кызматтык этиканын ченемдерин сактоо; – бөлүмдүн корреспонденциясын жүргүзүү. |
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
– жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;
– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 11-апрелинен баштап 16-майын кошо алуу менен Баткен шаары, Т. Садыков көч., 52 дарегине, 10-иш бөлмөсүнө саат 17:30 чейин тапшырылышы керек.