Баткен филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнө жер кадастры жана кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча адис кызмат ордуна – 4 орун.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Баткен филиалы ваканттык бош кызмат орундарга сынак жарыялайт.

 

Баткен филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнө жер кадастры жана кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча адис кызмат ордуна – 4 орун.

 

Кесиптик билим деңгээли:

  • Жогорку билим (жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, гидромелиорация, юриспруденция, агрономия, архитектура жана курулуш);

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча укук ченемдик актылар

Билгичтиги:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • Документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • Жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;
  • Картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү;

Көндүмдөрү:

  • Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Маалымат базасында иштей билүү;
  • Жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
  • Компьютерде иштей билүү (MS Windows, MS Office, AutoCAD, ArcGIS, Internet, электрондук почтаны башкаруу ж.б.);

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүрөтү 3х4 – 3 даана;
  • Паспорттун көчүрмөсу (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Соттолбогондугу жөнундө маалымкат (КР ИИМ Маалымат борбору).

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2024- жылдын 15-мартынан баштап, 2024- жылдын    29-мартына саат 17:30 га чейин, Баткен  филиалынын кабылдамасына тапшыруунуздар керек.

Дареги: Баткен шаары , Т. Садыков көч., 52

Телефон: (03622) 5-04-57, 0222-617485