Балыкчы филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу  Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин  Балыкчы филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

 

Балыкчы филиалынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо боюнча адисинин бош кызмат  ордуна-1 орун.

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 Кесиптик билим деңгээли:

— төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: жерге жайгаштыруу, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.

Билим:

Мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда,  ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышы керек:

—  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

—   Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

—   Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн Регламенти;

—  Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы    № 116 Кыргыз  Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө токтому (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 Токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды кмтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө Жобо;

— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

-“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын                                              15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;

—  Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.

 

Жөндөмдөр:

—  ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

—   талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;

— чечимдерди ыкчам  кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

—   кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

—  жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн инновациялык (жаңычыл) ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

—   өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.

 

Көндүмдөр:

—   аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

—   маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

—   ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

—   чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;

— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, ишкердик кат алышуунун кеңешмелерин мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;

—   маалымат базалары менен иштөө;

—   презентацияларды даярдоо;

—   кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;

—   компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктуларга ээ болуу.

 

Тилдерди билүү:

— мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

 

 Компьютерде иштей билүү

—  MS / Office;

—  электрондук почтаны башкаруу;

—  маалымат базалары менен иштөө көндүмдөрү.

 

 Жеке сапаттар

—  чынчылдык;

—  калыстык;

—  жоопкерчилик;

—  тартип;

—  тырышчаактык;

—  тактык;

—  демилге;

—  мотивация;

—  натыйжалуулук;

—  жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;

—  кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

 

 

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

—  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалым кат- соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);  мед. справка №086;  3×4 сүрөт — 3 даана;

— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

—  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

 

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 10-июнунан баштап 2024-жылдын 20-июнуна   чейин  Балыкчы  шаары, Аманбаев  көчөсү, 153 дарегине  саат 17:00го чейин тапшырылышы керек. Тел:(03944)3-07-56.