Араван филиалы архивариус – 1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Араван филиалы архивариус – 1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар

Квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– (сыноо мөөнөтү 3 айдан кем эмес стажировка)

– Тилдерди билүүсү: мамлекеттик жана расмий

Компьютерди билүү жана ээлик кылуу

– Компьютердик билгичтиктер: МS-WORD, MS-EXCEL

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

* жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х 4 см сүрөт;

* жыйынтык;

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* соттуулугу жок күбөлүк;

* автобиография (кол менен);

* паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Документтерди 2024-жылдын 18-апрелине  саат 17:30га чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Араван филиалына Араван району Араван айылы Х.Абдуллаев көчөсү обор 58 дареги боюнча берүү керек. телефон (03231) 5-08-43.