Аксы филиалы ваканттык бош кызмат орунга сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик  ангеттиктин

Аксы филиалы ваканттык бош кызмат орунга

Сынак жарыялайт

 

Филиалдын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнө Кадастрдык картография боюнча башкы адисине  1-категориядагы адис кызмат ордуна – 1 орун.

  • Кесиптик билим деңгээли:
  • Жогорку билим же кесиптик орто билим (жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, гидромелиорация, юриспруденция, агрономия, архитектура жана курулуш);
  • Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Кесип боюнча 1-жылдан кем эмес эмгек стажы;
  • Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

 –Кыргыз  Республикасынын  Жер Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын  Граждандык Кодекси;

-Кыргыз  Республикасынын  жер  мыйзамдары боюнча укук ченемдик актылар

 Билгичтиги:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • Документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

Командада иштөө;

  • Жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;
  • Картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү;

Көндүмдөрү:

  • Мамлекеттик жана/ же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Маалымат базасында иштей билүү;
  • Геодезиялык инструменттер менен иштей билүү;
  • Жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
  • Компьютерде иштей билүү (Word, Exсel, Internet Auto CAD);

Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, омүр баян, сүрөтү 3х4 – 3 даана;
  • Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам  берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (КР ИИМ Маалымат борбору).

Сынакка катышуу үчүн жогоруда жазылган документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 1 (бир) жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик  ангеттиктин Аксы филиалынын кабылдамасына тапшырууңуздар зарыл.

 

Дареги: Аксы району, Кербен шаары, Ныязалы кочосу, № 36

Байланыш үчүн: тел/факс 0 3742 5-00-80

                                 Моб:       0779 78 78 04

Сынакка катышуучу талапкерлерге сынак өткөрүү күнү жана орду кошумча билдирилет.