2026-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында Мейкиндиктик маалыматтардын инфраструктурасы боюнча Евразиянын XII Эл аралык конференциясы өттү.
Иш-чара КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин катышуусунда уюштурулуп, мейкиндиктик маалыматтардын улуттук инфраструктураларын өнүктүрүү, санариптик геопорталдарды жана заманбап геомаалыматтык технологияларды киргизүү маселелерине арналды.
Конференциянын негизги темасы — «Санариптик трансформация шартындагы улуттук мейкиндиктик маалыматтардын инфраструктуралары: интеллектуалдык геомейкиндиктик экосистема жана аймактардын санариптик эгиздери».
Конференцияда мейкиндиктик маалыматтардын санариптик трансформациядагы ролу, улуттук геопорталдарды өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын картографиялык жана геомаалыматтык ресурстарын бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо маселелери талкууланды.
Өлкөлөр аралык сессияда 8 мамлекеттин өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү мейкиндиктик маалыматтардын улуттук инфраструктураларын өнүктүрүүдөгү тажрыйбалары, жетишкендиктери жана келечектеги багыттары тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, ачык геомейкиндиктик маалыматтарды пайдалануу, Жерди аралыктан зонддоо технологияларын колдонуу, туризмди өнүктүрүүдөгү мейкиндиктик маалыматтардын мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап геомаалыматтык технологияларды киргизүү маселелери көтөрүлдү.
Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын карталарын жана мейкиндиктик маалыматтарын бирдиктүү платформага интеграциялоо демилгеси да талкууланды. Бул мамлекеттик башкарууда маалыматтарды натыйжалуу пайдаланууга жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.
Тегерек столдо Евразиянын бирдиктүү геомейкиндиктик мейкиндигин калыптандыруунун келечеги, биргелешкен долбоорлор жана мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун механизмдери боюнча пикир алмашуу болду.
XII Эл аралык конференция Кыргызстан үчүн мейкиндиктик маалыматтар тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана өлкөдөгү геомаалыматтык инфраструктураны мындан ары санариптик өнүктүрүүгө маанилүү аянтча болду.
____________________________________________
В БИШКЕКЕ СОСТОЯЛАСЬ XII МЕЖДУНАРОДНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ ПО ИНФРАСТРУКТУРЕ ПРОСТРАНСТВЕННЫХ ДАННЫХ ЕВРАЗИИ
10 сентября 2026 года в Бишкеке состоялась XII Международная конференция по инфраструктуре пространственных данных Евразии.
Мероприятие прошло при участии Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров КР было посвящено вопросам развития национальных инфраструктур пространственных данных, цифровых геопорталов и внедрения современных геоинформационных технологий.
Главная тема конференции — «Национальные инфраструктуры пространственных данных в условиях цифровой трансформации: интеллектуальная геопространственная экосистема и цифровые двойники территорий».
В ходе конференции обсуждались роль пространственных данных в цифровой трансформации, развитие национальных геопорталов, а также интеграция картографических и геоинформационных ресурсов государственных органов в единое информационное пространство.
В рамках страновой сессии представители 8 государств представили свой опыт, достижения и перспективные направления развития национальных инфраструктур пространственных данных.
Кроме того, участники обсудили расширение международного сотрудничества, использование открытых геопространственных данных, технологий дистанционного зондирования Земли, возможности пространственных данных для развития туризма и внедрение современных геоинформационных технологий.
Отдельное внимание было уделено вопросам интеграции карт и пространственных данных различных государственных органов на единой платформе. Это позволит повысить эффективность использования информации в государственном управлении и принятии управленческих решений.
В рамках круглого стола участники также обсудили перспективы формирования единого геопространственного пространства Евразии, совместные проекты и механизмы трансграничного обмена пространственными данными.
XII Международная конференция стала важной площадкой для укрепления международного сотрудничества Кыргызстана в сфере пространственных данных, обмена передовым опытом и дальнейшего цифрового развития национальной геоинформационной инфраструктуры.








