Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси, 1 штаттык бирдик
Квалификациялык талаптар:
-
Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
-
Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл.
-
Компьютерде MS Office, электрондук почтаны колдонуу, ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, GeoServer ж.б.).
-
GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы.
-
Геодезиялык координаттар системасын билүүсү.
-
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамды билүүсү зарыл.
Кызматтык милдеттери:
-
Жер фондунун болушу жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө жылдык отчетторду түзүү;
-
Кадастрдык жер маалыматтарынын алгачкы маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү;
-
Бишкек шаарынын чек араларын аныктоо, административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча иштерге катышуу;
-
Жер ээлеринин кадастрдык жана башка маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу;
-
Жер мамилелеринин маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кароо жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
-
Пландалган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
-
Иш жүргүзүү мезгилинде архивдик документтердин сакталышын контролдоо;
-
Чек аралар жөнүндө керектүү маалыматтарды тандоо.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-
Жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
-
3 × 4 см өлчөмүндөгү сүрөт;
-
Резюме;
-
Билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
-
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
-
Кыргыз Республикасынын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
-
Автобиография (кол менен жазылган);
-
Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
-
Аскердик даражасы жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
-
Медициналык маалымкат — 086-У формасы.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 16-июлунан тартып 17-июлун кошо алганда кабыл алынат.
Дареги: Жайыл району, Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү, 1.