Кыргыз  Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы Кара-Суу филиалынын директорунун орун басары бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз  Республикасынын Айыл чарба министрлигине  караштуу Жер ресурстары кызматы Кара-Суу филиалынын директорунун орун басары бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

 Филиалдын директорунун кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

Кесиптик билимдин деңгээли:
-багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, юриспруденция, мүлктү башкаруу.
Иш стажы жана эмгек стажы:
-жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кесиптик компететтүүлүк:
Билүүсү зарыл:

–      Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–      Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–      “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

–      Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–      Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

–      “Айыл чарба жерлерин башкаруу боюнча”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер

участокторун өткөрүп берүү”, “Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”;

–      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-

октябрында №233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти” жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин регламенти;

–      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы

№ 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтумдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”;

–      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы

№ 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” Жобо;

–      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

–      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын

6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө” Жобо.

Көндүмдөр:
–      Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана

стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–      Талдоо, болжолдоо, жалпылоо мониторинг жүргүзүү;

–      Тезинен чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн

жоопкерчилик;

–      Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү

кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–      Көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу

мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–      Көзөмөлдөнгөн багытты натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
–      Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

–      Маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо;

–      Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө

колдонуу;

–      Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

–      Натыйжалуу мамилерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын

өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкер кат алышуу жолугушууларын өткөрүү;

–      Маалымат базалары менен иштөө;

–      Презентацияларды даярдоо;

–      Иш убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

–      Компьютердик жана оргтехникага керектүү программалык өнүмдөргө ээ

болуу.

           Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар директордун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

–  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүк нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-февралынан баштап 14-февралын кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00го чейин, тапшырылышы керек.