Жер Кодексинин жаңы редакциясы – ЖЕКЕ МЕНЧИК КОРГОЛОТ!

  • Рубрика записи:Новости

Урматтуу жарандар!

Маанилүү! Баардык жеке менчиктеги кыймылсыз мүлктөр жана үлүш жерлер мамлекетке алынбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул Кодекс менен укуктар корголот.

Ошондой эле жеке менчиктеги кыймылсыз мүлктөр жана үлүш жерлер азыркы колдонуудагы Жер Кодексиндеги алып коюу шарттары өзгөртүүсүз калтырылууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу боюнча өзгөчө шарттар каралган, алар:

✅ Жерди максаттуу багытына каршы пайдалануу;

✅ Табигый кырсыктардын коркунучу же кесепети болгон учурда;

✅ Өзгөчө баалуу жерлерди же өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын мамлекеттин кызыкчылы болгон учурда кайтарылат.

Мындан сырткары жаңы Жер Кодексине ылайык, жер участогун мамлекеттке кайтаруу соттун чечими менен гана мүмкүн жана бул өзгөчө чара болуп эсептелет.